Эл аралык кызматташтык
Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууну, координациялоону жана ченемдик укуктук жөнгө салууну Башкы штабынын эл аралык кызматташтык бөлүмү (мындан ары- БШ ЭКБ) камсыздайт, БШ ЭКБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары -ЖАМК) түзумдүк бөлүмү болуп саналат.
БШ ЭКБ өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №775 токтому менен бекитилген ЖАМК жөнүндө Жобосун, Кыргыз Республикасынын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
БШ ЭКБ нын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат.
- ЖАМК менен эл аралык, өкмөттүк эмес, коомдук жана диний уюмдар ошондой эле башка мамлекеттердин мамлкеттик органдары жана мекемелери менен жазык-аткаруу тутумуна байланыштуу кызматташтыкты уюштуруу;
- ЖАМКнын башка түзүмдүк жана ведомстволук бөлүктөрү менен эл аралык кызматташтык алкагында өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасына ЖАМКнын чакыруусу менен чет өлкөлүк делегациялардын келүүсүн жана Жазык-аткаруу тутумунун чет өлөлөргө расмий делегацияларнын уюштуруу;
- Жазык-аткаруу тутумуна тийиштүү эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана экспертиза өткөрүү, эл аралык келишимдердин күчүнө кирүүсү үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу.
- Жазык аткаруу тутуму боюнча комплекстүү программаларды иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу;
- Жазык –аткаруу тутумунун түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн координацилоо жана ченемдик укуктук жөнгө салуу;
- ЖАКН нын эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттердин жазык-аткаруу тутумунун органдары менен кызматташтык боюнча анализ жүргүзүү;
Жазык-аткаруу тутумунда өз жумушун жүргүзүп жаткан эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо;
Жазык-аткаруу тутуму боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларын излдөө жана аларды Кыргыз Республикасынын жазые-аткаруу тутумунда ишке ашырууну сунуштоо;
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумун реформалоодо белгилүү жыйынтыктарга жетишип, эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууда олуттуу ийгиликтерге жетишти.
Пенитенциардык системаны реформалоо багытында эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар менен 18 Келишим жана Меморандумдар түзүлгөн.
Ушул Келишимдерди аткаруу алкагында эл аралык, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумуөкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз кызматташтыктын жыйынтыгы менен 1 148 483 АКШ доллары инвестиция тарткан.
Улуш кызматташтыктын негизги багыттары деп төмөнкүлөру айтсак болот:
Пенитенциардык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо.
Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин миссиясы менен кызматташуунун алкагында төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлдү:
- № 16 мекемесинде соттолгондордун жолугушуу бөлмөлөрү жаңыдан курулуп, медициналык бөлүктүн оңдоп-түзөө иштери бүтүрүлдү;
- № 2 мекемесинде кошумча медициналык бөлүк жаңыдан курулуп, тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган.
- ЖАМКнын алты түзөтүү мекемесинде онлайн сот отурумдарын өткөрүү үчүн атайын бөлмөлөлөрдө оңдоп түзөө иштери бүтүрүлүп эмеректер менен камсыздалынды.
Бириккен улуттар уюмунун баӊгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын программалык офиси (УНП ООН) менен кызматташуунун алкагында төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлдү:
- мониторинг жана анализдөө борбору керектүү техникалык жабдуулар менен камсыздалды
2019-жылдын 17-сентябрында “Борбордук Азия XXI-кылымда”: глобалдык чакырыктар, коркунучтар жана тобокелдиктер, темалары боюнча борбор-азиялык форуму уюштурулду;
- №2 түзөтүү мекемесинде нан бышыруучу жай ачылып тийиштүү жабдуулар менен камсыздалды;
- №3 түзөтүү мекемесинде тигүүчү цехтин курулушу бүтүрүлүп, тигүүчү жабдуулар менен камсыздалган;
- №2,3 мекемелеринде бут кийим тигүүчү цехтин оңдоп түзөө иштери бүтүрүлүп тийиштүү жабдуулар менен камсыздалуусу күтүлүүдө (96 382 АКШ доллары).
- № 27-мекемедеги экстремисттик багыттагы жана террористтик мүнөздөгү кылмыштары менен соттолгондор үчүн өндүрүш участогун, жолугушуу бөлмөлөрүн жана кошумча сейилдөөчү короону куруу күтүлүүдө;
- № 32-жатак мекеменин базасында автоунааларды техникалык тейлөөчү станциянын жана № 43 жатак мекемеде кургатылган жашылча-жемиштерди даярдоочу цехтин курулушу күтүлүүдө.
Бишкек шаарындагы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ОБСЕ) борборунун программаларык кеңсеси менен кызматташуунун алкагында төмөнкү иш-чаралар жүзөгө ашырылды.
- №14 тарбиялоо мекемесиндеги мектебтин полдору жана жылыткыч системалары жасалды;
- кайтаруу жана күзөт Департаментине атайын канвойдук автомашина берилди (ГАЗ GAZ NEXT C41R13, EURO 5);
- террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштары үчүн соттолгондордун № 16 мекемесиндеги обочолонгон участогун жабдуу менен камсыздалды(кровать, стол, стул ж.б.);
- мониторинг жана анализдөө борбору керектүү техникалык жабдуулар менен камсыздалы.
- 2019-жылдын 8-февралында №2-мекеменин кызматкерлери үчүн психологиялык түйшүктөн жеңилдөө бөлмөсү ачылган;
- № 16- мекемесинде террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштары үчүн соттолгондордун жолугушуу бөлмөсү жана №14 мекемедеги мектеп эмеректер менен камсыздалган.
Чет өлөлөр менен эки тараптуу кызматташтык:
Россия Федерациясынын Федералдык Жазаларды аткаруу кызматы менен кызматташтыктын алкагында:
- Россия Федерациясынын Федералдык жаза аткаруу кызматынын Академиясында жана башка жогорку окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу (бюджеттик квота – 16 орун);
- кызматкерлерин тажрыйба алмашууга жана квалификациясын жогорулатууга жиберүү (бюджеттиу квота менен- 15 орун);
- мекемелериндеги кайтаруу жана коопсуздук системаларын жаңылоо боюнча заманбап техника жана “Омега” атайын отрядына атайын техника жана каражаттары менен жабдуу жана башка гуманитардык жардам көрсөтүү күтүлүүдө.
Сауд Аравия Королдугу:
- Экстремисттик багыттагы жана террористик мүнөздөгү кылмыштары үчүн соттолгондор менен иштөөдө 7 компененттүү программа долбоор катары иштелип чыгып, Сауд Аравия Королдугунун ички иштер министрлигинин жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын директоруна кошумча сунуштарын киргизүү үчүн берилди. Ошондой эле реаблитациялоо борборун куруу эсептери жана орду такталды.
АКШнын “ Проект Кур” кайрымдуулук уюму менен кызматташтыктын алкагында түзөтүү мекемелеринин медициналык бөлуктөрунө жана кызматкерлердин поликлиникасына медициналык жабдууларды алып келүү күтүлүүдө (баасы болжол менен 1 млн. АКШ доллары түзөт) (27-30-январда проект курдун өкүлдөрү тарабынан баалоо жүргүзүлдү).
Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги менен кызматташуунун алкагында тигүү жабдууларынын (швейный машина) алынып келиши күтүлүүдө. (60 даана ).
Пенитенциардык мекемелерге кирүүгө уруксат брүүнүн тартиби
Мекемелерге кирүүгө уруксат берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө”№ 111 токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
Мекемелерге кирүүгө уруксат алуу үчүн мекеменин администрациясына же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга уюм же болбосо жеке адам төмөнкү күбөлөндүрмө кагаздардын алып келет:
- түзөтүү мекемесине кирүүнүн максатын, датасын жана кирүүгө ниеттенген адамдардын жекече маалымдарын көрсөтүү менен түзөтүү мекемесине кирүү жөнүндө кайрылуу;
- паспорт же өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ;
- Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү юридикалык жактар үчүн).
Эгерде уюмдар тарабынан соттолгондорго билим берүү, медициналык, укуктук, социалдык көмөк көрсөтүү пландалса ана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кийинки документтер талап кылынат.
- билими жөнүндө;
- соттолгондугу жөнүндө;
- үй бүлөлүк абалы жөнүндө.
Кайрылууну кароо каттоого алгандан баштап 7 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Жыйынтыгы боюнча уруксат берилет же болбосо себебин көрсөтүү менен бирге уруксат берилбейт.
Башкы штабтын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн байланыш контактары:
Телефон +996 (312) 43-84 -85
E-mail: uruis@mail.ru
Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер!
ЖАКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен, төрага А. Эгембердиев