Департаменттин тарыхы жана басып өткөн күжүрмөн жолу
Улуу Ата Мекендик согуш кызуу күчөп турган мезгилде, 1942-жылы 12-мартта СССР НКВДсынын №00503-буйругунун негизинде Казак ССРинин Актюбинск шаарында Күзөтүү аскерлеринин 47-өзүнчө бригадасынын 144-өзүнчө батальону деген аталыш менен азыркы Департамент – 7412 аскер бөлүгү түзүлгөн, бул аскердик бөлүк СССРдин Өкмөтү тарабынан түзүлгөн алгачкы аскер бөлүктөрүнүн бири болуп эсептелет.
Батальонду түзүүнүн баштапкы максаты Орто Азия аймагындагы лагерлерди кайтарууну камсыздоо болгондуктан, ал ушул эле жылы Фрунзе шаарына көчүрүлгөн.
Кийинчерээк 1946-жылы 144-батальон эркинен ажыратылгандарды кайтарууну күчөтүү максатында Ашхабад шаарына которулган. Батальон өзүнө жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууда мыкты уюшкандыкты жана жетишкендиктерди көрсөтө алгандыгы менен өзгөчөлөнүп, ошол жылдын декабрь айында бүткүл Союздук күзөтүү бөлүкчөлөрдүн арасындагы Советтер Союзунун өтмө Кызыл Туусун жеңип алган.
Бөлүктүн анча чоң эмес бирок мазмундуу басып өткөн күжүрмөн жолу эске алынып, 1949-жылдын 5-февралында СССР Ички иштер министринин буйругу менен 20-апрель бөлүктүн түзүлгөн күнү деп расмий түрдө бекитилген.
СССРдин Коомдук тартипти сактоо министринин 1967-жылдын 9-январындагы буйругу менен Кыргыз ССРнин Коомдук тартипти сактоо министрлигинин 249-өзүнчө отряды СССРдин Коомдук тартипти сактоо министрлигинин Ички аскерлеринин Казак ССРи боюнча башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн. 1968-жылы отряд 484-полк (7412 а/б) болуп кайрадан аты өзгөртүлүп, СССРдин Ички иштер министрлигинин Орто Азия жана Казакстан боюнча аскер бөлүктөрүнүн бири болгон. Аталган 484-полк биздин өлкөнүн көз карандысыздыкка жетишүүсү менен, 1992 – жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ИИМнин курамындагы бөлүкчө болуп түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички аскерлеринин негизги уюткусу болгон биздин полк Ички аскерлердин курамындагы бригада болуп 1994-жылы кайрадан өзгөртүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 24-октябрындагы “Жазык – аткаруу тутумун реформалоо жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2002-жылдын 17 майында №-310 Токтому кабыл алынган. Бул токтомдо Юстиция Министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондор менен камакка алынгандарды айдап узатуу департаментин түзүү каралган. Юстиция Министрлигинин 2002-жылдын 31-майындагы №67-буйругунун негизинде азыркы Департамент түзүлгөн.
2009-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондор менен камакка алынгандарды айдап узатуу департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.
ДЕПАРТАМЕНТТИН КҮЖҮРМӨН ТУУЛАРЫ
1943-жылы 29-июнда СССРдин Жогорку кеңешинин Президиумунун төрагасынын буйругу менен 144-өзүнчө батальонго алгачкы Күжүрмөн Туу тапшырылган.
1977-жылы 18-майда 484 - айдап узатуу полкуна Күжүрмөн Туу кайрадан тапшырылган.
1995-жылы 23-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 433-Токтомунун негизинде ушул эле жылдын 30-декабрында Ички аскерлеринин 1-бригадасына Күжүрмөн Туу тапшырылган.
2005-жылы 28-декабрда Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынгандарды конвой менен айдап жүрүү департаментине Күжүрмөн Туу тапшырылган.
2016-жылдын 8-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 219-Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынгандарды конвой менен айдап жүрүү департаментине Күжүрмөн Туу тапшырылды.
БИЗДИН САРКЕРЛЕР
1. капитан Лисеенко - 1942 -1943-жж.
2. капитан Кателян -1943-1944-жж.
3. капитан Чепеленко -1944-1945-жж.
4. улук лейтенант Тарасенко Николай Иванович -1945 -1946-жж.
5. майор Ткаченко Николай Дмитриевич - 1946-1947-жж.
6. майор Солдатенко Семен Ефремович - 1947- 1948-жж.
7. майор Павлюченко Савелий Ильич -1948-1950-жж.
8. майор Ясенин Александр Андреевич - 1950-1954-жж.
9. майор Потемкин Михаил Николаевич -1954-1959-жж.
10.полковник Григорьев - Невский Михаил Иванович -1959-1972-жж.
11.майор Масагутов Узбек Ахмедович - 1972-1976-жж.
12.подполковник Кораблин Михаил Дмитриевич -1976-1983-жж.
13.подполковник Потехин Владимир Александрович - 1983- 1990-жж.
14.подполковник Савельев Владимир Николаевич - 1990-1992-жж.
15.подполковник Кошонов Анарбек Айтышович -1992-1993-жж.
16.полковник (генерал-майор) Петров Александр Николаевич - 1993-1994-жж.
17.генерал-майор Кошонов Анарбек Айтышович - 1994-1997-жж.
18.полковник Барамышев Молдакун Сейсембаевич-1997-1999-жж.
19.генерал-майор Шамкеев Анарбек Шамкеевич - 1999-2008-жж.
20.полковник Молдобаев Асылбек Раимович - 2008-2010-жж.
21.полковник Джумакадыров Эсенбек Джумакадырович – 2010-2015-жж.
22.полковник Бердикожоев Улан Эмилбекович – 2015-жылдан азыркы учурга чейин.
Департаменттин тарыхы жана басып өткөн күжүрмөн жолу
Улуу Ата Мекендик согуш кызуу күчөп турган мезгилде, 1942-жылы 12-мартта СССР НКВДсынын №00503-буйругунун негизинде Казак ССРинин Актюбинск шаарында Күзөтүү аскерлеринин 47-өзүнчө бригадасынын 144-өзүнчө батальону деген аталыш менен азыркы Департамент – 7412 аскер бөлүгү түзүлгөн, бул аскердик бөлүк СССРдин Өкмөтү тарабынан түзүлгөн алгачкы аскер бөлүктөрүнүн бири болуп эсептелет.
Жаңы түзүлгөн батальондун биринчи саркери болуп капитан Лысеенко дайындалган. Батальонду түзүүнүн баштапкы максаты Орто Азия аймагындагы лагерлерди кайтарууну камсыздоо болгондуктан, ал ушул эле жылы Фрунзе шаарына көчүрүлгөн.
Кийинчерээк 1944-жылы 144-батальон эркинен ажыратылгандарды кайтарууну күчөтүү максатында Ашхабад шаарына которулган. Батальон өзүнө жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууда мыкты уюшкандыкты жана жетишкендиктерди көрсөтө алгандыгы менен өзгөчөлөнүп, ошол жылдын декабрь айында бүткүл Союздук күзөтүү бөлүкчөлөрдүн арасындагы Советтер Союзунун өтмө Кызыл Туусун жеңип алган.
Бөлүктүн анча чоң эмес бирок мазмундуу басып өткөн күжүрмөн жолу эске алынып, 1949-жылдын 5-февралында СССР Ички иштер министринин буйругу менен 20-апрель бөлүктүн түзүлгөн күнү деп расмий түрдө бекитилген.
СССРдин Куралдуу күчтөрүнүнүн курамындагы спецификалык аскер түзүмдөрдүн бири болуп эсептелген 7412 аскер бөлүгүнүн иштөөсүндөгү жарым кылымдан ашык убакыт текке кеткен жок. Анын бардык бөлүкчөлөрү жаңы кадрлар менен толукталды, күжүрмөн-кызматтык салттары байытылды, тактап айтканда өзүнүн Күжүрмөн Туусуна ээ, толук кандуу аскердик бөлүк боло алды.
СССРдин Коомдук тартипти сактоо министринин 1967-жылдын 9-январындагы буйругу менен Кыргыз ССРнин Коомдук тартипти сактоо министрлигинин 249-өзүнчө отряды СССРдин Коомдук тартипти сактоо министрлигинин Ички аскерлеринин Казак ССРи боюнча башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн. 1968-жылы отряд 484-полк (7412 а/б) болуп кайрадан аты өзгөртүлүп, СССРдин Ички иштер министрлигинин Орто Азия жана Казакстан боюнча аскер бөлүктөрүнүн бири болгон. Аталган 484-полк биздин өлкөнүн көз карандысыздыкка жетишүүсү менен, 1992 – жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ИИМнин курамындагы бөлүкчө болуп түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички аскерлеринин негизги уюткусу болгон биздин полк Ички аскерлердин курамындагы бригада болуп 1994-жылы кайрадан өзгөртүлдү.
Департаменттин калыптануусуна жана өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизген инсандар, биздин мурунку саркерлерибиз:полковник Петров А.Н., полковник Масагутов У.А., генерал-майор Кошонов А.А., полковник Барамышев М.С., ошондой эле Кайтаруу жана күзөтүү департаментин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өз алдынча түзүмдүк бөлүгү катары негиздеген генерал-майор А.Ш. Шамкеевди, 1959-70 – жылдардагы бөлүктүн саркери, Департаменттин азыркы жайгашкан ордун түптөгөн полковник Григорьев-Невскийдин ысмын өзгөчө белгилөөгө тийишпиз.
Убагында бул жерде Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К. Усенбеков, Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлеринин Республикалык Кеңешинин учурдагы төрагасы полковник Т.А. Токомбаев, Ленин райондук Ардагерлер Кеңешинин төрагасынын орун басары Касатых В.А. жана башка көптөгөн белгилүү адамдар кызмат өтөшкөн.
Департамент ар дайым эл тынчтыгын коргоо, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо милдетин аткарып келген жана мамлекеттин эркиндиги менен эгемендүүлүгүн сактоонун бирден-бир рычагы болуп эсептелет.
Бизге жүктөлгөн эң башкы жоопкерчиликтүү милдет – соттун чечими менен эркинен ажыратылган кылмышкерлерди коомдон обочолонтуп ишенимдүү кайтаруу, эл тынчтыгын сактоо болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 24-октябрындагы “Жазык – аткаруу тутумун реформалоо жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2002-жылдын 17 майында №-310 Токтому кабыл алынган. Бул токтомдо түзөтүү мекемелерин кайтаруу кызматын аткарууну Юстиция Министрлигине тапшыруу жана түзөтүү мекемелерин кайтарууну камсыз кылып турган, Ички Аскерлердин эң чоң деп эсептелген бригадасын (бир эле Ички Аскерлердин курамында гана эмес, Кыргызстандын баардык Куралдуу Күчтөрүндөгү эң чоң бригаданы) өткөрүп берүү жана анын базасында өз алдынча мамлекеттик жаңы түзүмдү - Юстиция Министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондор менен камакка алынгандарды айдап узатуу департаментин түзүү каралган. Юстиция Министрлигинин 2002-жылдын 31-майындагы №67-буйругунун негизинде азыркы Департамент түзүлгөн.
2009-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондор менен камакка алынгандарды айдап узатуу департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондор менен камакка алынгандарды айдап узатуу департаменти болуп кайрадан түзүлдү.
Бул ири аскердик бирикме батальондон Департаментке чейинки күжүрмөн жолду басып өттү.
Департаменттин аскер кызматкерлери тапшырылган жайларды жана соттолгондорду кайтаруу, адам укугун жана тынчтыкты сактоо боюнча оор милдеттерди туруктуулук менен аткарып келишет. Адам өмүр үчүн өтө кооптуу, жоопкерчиликтүү тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн чоң жоопкерчилик, күжүрмөн эмгек талап кылынат, ошондуктан биздин аскер кызматкерлер күжүрмөн даярдык боюнча тынымсыз окуу-машыгуулардан өтүп, тапшырылган милдеттерди так аткарып келе жатышат. Ошондой эле Бишкек шаарында өткөрүлүп туруучу жалпы гарнизондук иш-чараларга да тынымсыз катышып турушат.
Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер!
ЖАКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен, төрага А. Эгембердиев