Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында мамлекеттик тилди өнүктүрүү иш-чаралары
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамына http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1439/60?cl=ky-kg&mode=tekst жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгына http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/63682/20?cl=ky-kg&mode=tekst ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өткөрүү максатында иш-пландар түзүлүп, анын негизинде иш-чаралар аткарылып келет.
Мамлекеттик тил боюнча тескөөчүлөр тарабынан иш кагаздарды расмий тилден мамлекеттик тилге которууда, мамлекеттик тилде иш кагаздарды даярдоодо кыргыз тилинин стилистикалык, грамматикалык жана адабий ченемдерин сактоодо кызматкерлерге усулдук жана практикалык жардам көрсөтүлүп келет.
2019-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын белгилөөнүн алкагында ЖАМКнын түзүмдүк жана жана ведомствого караштуу бөлүктөрүндө ар түрдүү конкурстар, акын жазуучулар менен жолугушуулар, кызматкерлердин жазуу кебин баалоо максатын көздөгөн “Сабаттуу бол” өнөктөштүгү өткөрүлүп, маалыматтык стенддер жасалды.
2019-жылдын 19-сентябрында ЖАМКнын Борбордук аппаратында "Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил" аталышындагы маалыматтык жыйын өткөрүлүп ага “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов, кыргыз эл акындары Элмирбек Иманалиев, Акматбек Султанов, Асылбек Маратовдор катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Жалпысынан алганда, 2019-жылга карата Башкы штабдын Анализ жана пландоо бөлүмүнүн мамлекеттик тил боюнча тескөөчүлөрүнүн тарабынан:
1. 2019-жылда 189 барактан турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун жана буйруктарынын долбоорлору расмий тилден мамлекеттик тилге которулду.
2. 590 барактан турган ЖАМКнын ишин жөнгө салуучу ченемдик актылар (жоболор, нускамалар, регламенттер ж.б.) которулду жана редакциядан өттү.
3. ЖАМКнын жетекчилигинен, Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнөн, бөлүмдөрүнөн, өз алдынча кызматтарынан, башкармалыктарынан келген ЖАМКнын ишин уюштуруучу 551 барактан турган ар түрдүү иш кагаздары (буйруктар, тескемелер, протоколдор, маалыматтар, отчеттор, каттар, докладдар ж.б. ) которулду жана редакциядан өттү:
Расмий тилден кыргыз тилине которулуп жана мамлекеттик тилдеги варианты редакцияланып иштелип чыккан иш кагаздардын көлөмү 1 330 баракты түздү.
Ошондой эле, кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу “Кыргызтест” системасы боюнча тестирлөөдөн өтүүгө даярдык көрүү максатында 2020-жылдын февраль айында ЖАМКнын жетекчилиги тарабынан бекитилген планга ылайык ЖАМКнын Борбордук аппаратынын кызматкерлери А2 жана В1 деңгээлдери боюнча тестирлөөдөн өтүштү.
В1 деңгээли боюнча тапшырган 109 кызматкердин ичинен:
- 5 кызматкер 90 баллдан жогору ("эң жакшы");
- 66 кызматкер 75 балддан жогору ("жакшы");
- 28 кызматкер 65 баллдан жогору ("канааттандырарлык") көрсөткүчтөргө ээ болушту. Тилекке каршы, 10 кызматкер 65 балддан төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгондуктан, алардын жыйынтыктары канааттандырарлык эмес деп аныкталды. Аталган кызматкерлерге кыргыз тилин үйрөнүү боюнча өз билимин өркүндөтүүгө методикалык кеңеш жана сунуштар берилди.
А1 деңгээлинде тапшырган 9 бөтөн тилдүү кызматкердин бардыгы тесттен ийгиликтүү өтүштү.
Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер!
ЖАКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен, төрага А. Эгембердиев