Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер! 

ЖАКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен,  төрага       А. Эгембердиев

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзүмү

Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутуму 2002-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагында болгон. Анын КР Ички иштер министрлигинин курамынан чыгарылышы жалпы практикага ылайык келген жана жазык-процессттик жана ыкчам-издөө иштерине байланышкан кызматтык кыянаттыктын төмөндөшүнө шарт түздү. ЖАТтын баш ийүү структурасын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Президентинин  2001-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумун мындан ары жакшыртуу чаралары жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-майындагы "Түзөтүү мекемелерин кайтарууну жана соттолгондорду, камакта кармалган адамдарды конвой менен коштоону ишке ашыруу  шарттары жана тартиби жөнүндө" жана 2002-жылдын 20-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жазык-аткаруу тутумун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө"  токтомдорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү. 

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен пенитенциардык тутумдун укуктук негиздери өзгөртүлгөн, анын ичинде КР Жазык-аткаруу кодексине да өзгөртүүлөр киргизилген. 2003-жылдын 12-августунда "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. 

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгын мындан ары өнүктүрүүнүн концептуалдык негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2006-жылдын 10-мартында кабыл алынган 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынынын пенитенциардык тутумун реформалоонун "ҮМҮТ" улуттук программасында камтылган.

1960-жылдан тартып пенитенциардык тутумдун административдик жана функционалдык жактан баш ийүү структурасынын өзгөрүшү абдан маанилүү болду. 1960-жылдын 13-майында Түрмөлөр боюнча башкармалык Кыргыз ССРинин Коомдук тартипти сактоо министрлигинин Камакта кармоо башкармалыгы болуп кайра уюштурулган. 1969-жылдын 30-майында Кыргыз ССРинин Коомдук тартипти сактоо министрлигинин Камакта кармоо башкармалыгы Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлигинин Түзөтүү-эмгек мекемелеринин башкармалыгы болуп түзүлгөн. 

1991-жылдын 28-майында Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлигинин Түзөтүү-эмгек мекемелеринин башкармалыгы Кыргызстан Республикасынын Түзөтүү иштери боюнча башкармалыгы болуп кайра түзүлгөн. Түзөтүү иштери боюнча башкармалыкты Ички иштер министринин төрт орун басарынын бири көзөмөлдөгөн. 1993-жылдын 04-июнунда Кыргызстан Республикасынын Түзөтүү иштери боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу иштери боюнча башкармалык болуп кайра түзүлгөн. 1995-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу иштери боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы болуп кайра уюштурулган. 

2002-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №391 токтомуна ылайык Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин курамынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин карамагына өткөн. 

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы №283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары -ЖАМК) түзүлгөн. ЖАМКнын курамына Жазаларды аткаруу департаменти жана Соттолгондорду жана камакта кармалган адамдарды кайтаруу жана конвой менен коштоо департаменти (мындан ары - ККД) кирген.

ЖАМКнын функцияларына негизинен жазаларды аткаруу иши киргендигин алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 04-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомунун негизинде өзүнүн курамында өзүнчө жазаларды аткаруу бөлүгүн, атап айтканда ЖАМКнын алдындагы Жазаларды аткаруу департаментин жоюу менен ЖАМКнын Борбордук аппаратынын бирдиктүү түзүмү түзүлгөн.

Бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюу жана анын жыйынтыгында бошогон штаттык бирдиктерди зарыл болгон кызмат орундарын түзүүгө пайдалануу жолу менен ЖАТтын Борбордук аппаратынын түзүмүн оптималдаштыруу пенитенциардык тутумду жакшыртууга өбөлгө түздү. ЖАТтын өнүгүшүнө сапаттуу, кесипкөй, өз ишине берилген кадрдык курам чоң салым кошту. 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун карамагында төмөнкү түзөтүү мекемелери бар:

Түзөтүү мекемелери болуп  жатак-абактары, түзөтүү абактары, тарбиялоо абактары, түрмөлөр эсептелет.

1) Кармоо режимине жараша классификацияга ылайык төмөнкү 12 түзөтүү абактары иш алып барат:

- соттолгондорду казармалык типтеги бөлмөлөрдө жайгаштыруу менен жабык лагердик принциптери боюнча кармоочу эркектер үчүн жалпы режимдеги төрт түзөтүү абагы;

- соттолгондорду казармалык типтеги бөлмөлөрдө жайгаштыруу менен жабык лагердик принциптери боюнча кармоочу эркектер үчүн катуу режимдеги төрт түзөтүү абагы;

- өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгондор жана ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза чарасы ырайым кылуу иретинде жыйырма жылга эркинен ажыратууга алмаштырылган соттолгондорду кармоого арналган, соттолгондор камералык типтеги жайларда кармалган бир түзөтүү абагы;

- жашы жете элек соттолгон эркек балдар үчүн арналган бир тарбиялоо абагы;

- аялдарга арналган бир түзөтүү абагы;

-  соттолгондор камералык типтеги жайларда кармалуучу, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин одоно бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде каралган тартипте башка түзөтүү мекемелеринен которулуп келген соттолгондорду кармоо үчүн арналган бир түрмө.

Анын ичинде эки түзөтүү мекемесинде дарылоочу түзөтүү мекемелери орун алган. 

- № 31 түзөтүү мекемесинин алдындагы кургак учук менен ооругандар үчүн түзөтүү мекемесинин алдындагы 

- № 47 түзөтүү мекемесине караштуу режимдин аралаш түрлөрү менен дарылоочу түзөтүү мекемеси. 

2) Ачык типтеги мекеме катары 10 жатак-абагы бар. Жатак-абактарда  этиятсыздыктан жасаган кылмыштары үчүн  беш жылдан ашык эмес мөөнөткө эркинен ажыратылган, жана ошондой эле жаза мөөнөтүнүн тийиштүү бөлүгүн өтөгөндөн кийин түзөтүү абактарынан которулган соттолгондор атайын жатаканаларда жашоо менен көзөмөл алдында жаза мөөнөтүн өтөшөт. 

3) Беш төргөө изолятору бөгөт коюу чарасы катары камакка алынган адамдарды, б.а. соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин (анын ичинде даттануу мезгилинде да) иши тергөөдөгү адамдарды камераларда өзүнчө бөлүп кармоого арналган.