Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер! 

ЖАКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен,  төрага       А. Эгембердиев

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тарыхы

Революцияга чейинки Туркестанда, ошол мезгилде анын курамына кирген Кыргызстанда, түрмө саясатынын өнүгүүсү аймактын Россия империясына кошулуусу менен бирге башталган. Россия империясынын администрациясы тез эле мурдагы зындандардын ордуна «заманбап» түрмөлөрдү курууга өткөн. Ошентип, Туркестан аймагынын беш областында - Сырдарыя, Фергана, Самар­канд, Жетисуу жана Каспий жээгиндеги өлкөлөрдө  67 эркинен ажыратуу жайы курулган.

Аймактардагы түрмөлөрдү башкаруу генерал-губернатордун кеңсеси, областтык башкармалар жана Закаспийск облусунун жетекчисинин кеңсеси аркылуу жүргүзүлүп турган. Түрмөлөрдү башкарууга областтык жана уезддик «түрмө боюнча көзөмөлдүк комитеттер жана бөлүмчөлөр» дагы катышкан.

1917-жылдагы Улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин бир топ оор кырдаалга карабастан (Жетисуу жана Фергана облустарында-азыркы Кыргызстанда 1920-жылдары гана согуш аракеттери токтотулган), аймактык жана жергиликтүү Совет бийлиги жазалоонун эски органдарын жоюу жана жаңыларын түзүү боюнча катуу чараларды (реформалоо багытында кайра куруу иштери) колдонгон. Алгачкы чаралардын катарына түрмөлөрдөн саясий себептер боюнча камалгандарды бошотуу, комиссарларды дайындоо, түрмөгө түшкөн адамдарды камакка алуунун жана камакта кармоонун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө үчүн түрмөлөргө караштуу тергөө комиссияларын түзүү, «түрмө боюнча көзөмөлдүк комитеттерди жана бөлүмчөлөрдү» жоюу иштери кирген. Жаңы бийликке жаза аткаруу тармагында жаңы саясат керек болгон.

Туркестанда түзөтүү-эмгек мекемелер тутуму алгачкы өнүгө баштаган мезгилде (1917-1918-жылдары) түрмөлөр сакталып калган. Туркестан аймагында түрмөлөрдү реформалоо (түрмөлүк системадан лагердик - түзөтүү-эмгек системасына өтүү) 1919-1920-жылдары башталган.

Туркестан аймагы автономдук республика деп жарыялангандан кийин 1918-жылдын 28-августунда Туркестан Республикасынын Юстиция комиссариаты жөнүндө убактылуу жобо бекитилет. Камак жайларын жетектөө үчүн Юстиция комиссариатына караштуу Түрмө ведомствосу боюнча бөлүм түзүлгөн. Областтарда депутаттар кеңешинин аткаруу комитеттеринин курамына кирген түрмөлөр боюнча бөлүмдөрү түзүлөт. Ошол мезгилде Туркестан автономдук республикасында 19, анын ичинде 5 областык жана 14 уезддик түрмө болгон. 1918-жылы азыркы Кыргызстандын аймагын­да жазалоо бөлүмү өз карамагына 3 түрмөнү камтыган: Пишпектик, Караколдук жана Оштук. ИИЭКнын кара­магына эки камак үйү (Пишпектик жана Оштук) кирген.

Кыргызстанда Оштогу түрмө эң эски деп эсептелинет. Айтылып жүргөн уламыштарга караганда атактуу «Алай канышасы» Курманжан Датканын уулу Камчыбек ал имаратты медресе катары колдонуу үчүн курдурган, бирок дин мектеби курулуп бүткөндөн кийин бийлик тарабынан казематка айланып кеткен.Тагдырдын тамашасы менен алгачкылардан болуп Камчыбек өзү ошол түрмөгө түшүп калат. Белгилүү болгондой, ал көп өтпөй өлүм жазасына тартылган. Түрмө имаратынын айрым бөлүктөрү азыркыга чейин сакталып калган жана өз багытында пайдаланылып келе жатат. Оштогу түрмөнүн (ТИЗО-5) режимдик корпусунда бүгүнкү күндө да «1890-жыл» деген жазууну көрүүгө болот. Ош түрмөсү ар дайым кеңейтилип келген. 1940-жылы чарба жумушундагылар үчүн жатакана, 1967-жылы - экинчи режимдик корпус жана көмөкчү бокс курулган.

Караколдогу түрмө да андан кем калышпайт. 19-кылымдын аягында Ысык-Көлдүк бир ишкер Улуу Жибек жолунун турак жайларынын биринде кербен сарай тургузат.

1916-жылы кербен сарай түрмө жатаканасына айланат. Кийинчерээк самандан салынган дубалдар эскирип, ордуна кыштан дубал тургузулат. XX кылымдын 40-жылдары эки жаңы корпус курулат, анда 19 жалпы камера, өзгөчө кооптуу кылмышкерлер үчүн 5 жалгыз кармоочу камера жана 2 карцер кошулган. Ал камералар азыркыга чейин кызмат кылып келет, жанына 100 орундуу көмөкчү жай 1995-жылы курулган.

Туркестан аймагында, өзгөчө Кыргызстанда, 1918-1924-жылдары камак жайлары ар түрдүүчө аталчу: «эркиндигинен ажыратылгандар үчүн үйлөр», «камак үй», «камак жайлар», «түзөтүүчү үй», «түзөтүү-эмгек үйү», «түзөтүүчү-иштетүүчү үй» же жөн эле «жумушчу үйү».

1922-жылы бардык түзөтүү-эмгек үйлөрү Ички иштер элдик комиссариатынын карамагына өткөрүлгөн жана Туркестан Республикасынын ИИЭК караштуу камак жайларынын башкармалыгы уюштурулган. Анын карамагына бардык эркиндигинен ажыратылгандар үчүн жайлар кирген. Ал мезгилде Кыргызстандын аймагындагы бардык түзөтүү жайларында устаканаларды иштетишкен: өтүкчү, темир уста, кыш куюу ж.б. уюштурул­ган, ал эми 1922-жылы Пишпектеги түзөтүү үйүндө айыл чарба колониясы түзүлөт. Ошентип, 1924-жылы Туркестанда туруктуу түзөтүү системасы иштей баштайт.

1924-жылы Кара-Кыргыз автономдук областы түзүлгөндөн кийин эркиндигинен ажыратуучу жайлардын түзүмү бир аз өзгөрөт. Ошол жылдары эркиндигинен ажыратуучу жайларды жалпы жетектөө Аткаруу комитетинин административдик бөлүмүнү өткөрүлөт. Область боюнча үч түзөтүү үйү жана бир камоочу жай болгон. Алгачкы «Кыргыз АССРинин түзөтүү-эмгек жайларынын ички тартибинин эрежелери» 1928-жылы иштелип чыгып, бекитилген.

1931 -жылы Камак жайлар бөлүмү Түзөтүү-эмгек мекемелеринин башкармалыгы деп аталып, Кыргыз АССРнин Юстнаркомуна өткөрүлөт.

1935-жылы Ички иштер элдик комиссариатынын лагерлеринин башкы башкармалыгы (ГУЛАГ) түзүлүп, 1953-жылга чейин бардык түзөтүү жайлары ошол ведомствонун карамагында болгон.

1954-жылдан 1969-жылдарга чейин эркиндигинен ажыратуу жайлары Коомдук тартипти сактоо министрлигинин Камак жайларынын башкы башкармалыгына өткөрүлөт. 1969-жылдан 1991-жылга чейин ал башкармалык  Ички иштер министрлигинин карамагында болгон.

Кыргыз Республикасы 1991-жылы эгемендүү мамлекет болгондон кийин Түзөтүү-эмгек мекемелеринин башкармалыгынын ведомстволук караштуулугу өзгөрүлгөн жок, аталышы гана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жазык-аткаруу иштери боюнча башкармалыгы деп аталып калган. 1995-жылы Жазаларды аткаруу башкы башкар­малыгы  болуп өзгөрүлөт.

Эркиндигинен ажыратуу жайларын мындай башкаруу системасы 2002-жылдын 1-июлуна чейин сакталып келген жана Жазык-аткаруу тутумун реформалоо концепциясынын негизинде Жазаларды аткаруу башкы башкар­малыгы  Ички иштер министрлигинен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлөт. Ошол мезгилден баштап реформалоо процесси күч алды. Жаза аткаруу системасы күч түзүмүнө кирбей, жарандык коомчулук үчүн «ачык-айкын», ал эми ишмердиги «таза» боло баштаган. Тутумдун көйгөйлөрү бир топ эл аралык, өкмөттүк эмес, диний уюмдардын көңүлүн бура баштады. Мындай абал ар түрдүү жана конструктивдүү кызматташтыктын өнүгүүсүнө өбөлгө түздү.

2003-жылдын 12-августунда Жазык-ат­каруу тутумунун ишин тескеген негизги ченемдик укуктук актылардын бири «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Ал Мыйзамга кол коюлган күн Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин күнү деп аныкталган.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен «2010-жылга че­йин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумун реформалоонун «Үмүт» улуттук программасы бекитилет. Бул программанын негизги багыттары болуп камактагыларды кармоо, тамактандыруу жана медициналык жактан тейлөө шарттарын жакшыртуу, Жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин материалдык-техникалык жактан чыңдоо, камактагылардын социалдык жактан калыптануусу, эркиндигинен ажыратуу жайларында адам укугунун, коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле коюлган маселелерди аткарууда эл аралык, өкмөттүк эмес, диний уюмдардын өкүлдөрүн тартуу болуп эсептелген.

Реформалоо процессинде 2007-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген кылмыш саясатын гумандаштыруу жөнүндө мыйзамы өзгөчө жетишкендик болду. Мыйзам, республикада өлүм жазасын өмүр бою эр­киндигинен ажыратууга алмаштырууга жана коомдон обочолоого байланышпаган жазалоо түрлөрүн колдонууга багытталган.

2009-жылдын 26-октябрында Кыр­гыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазык-аткаруу тутумунун мураскери болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) түзүлдү. Бул чечимди Кыргызстанда жазык-аткаруу тутумун реформалоонун узакка созулган процессинин натыйжасы деп эсептесе болот.

Азыркы этапта Жазык-аткаруу тутумун реформалоо уланууда. Акыркы жылдары бул иштер 2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Стратегиянын негизги максаты камактагылардын кармоо шарттарын улуттук мыйзамдардын жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык келтирүүгө багыттал­ган.