ЖАМК тарабынан ишке ашырылган соттук – укуктук реформа боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу жана «Пробация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында ЖАМКда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин 20 долбоору жана 1 Мыйзам долбоору иштелип чыкты, алардын ичинен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18 токтому жана Кыргыз Республикасынын «Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2019–жылдын 24 апрелинде №56 Мыйзамы кабыл алынды.
ЖАМК тарабынан ишке ашырылган соттук – укуктук реформанын алкагында ченемдик укуктук актыларды кабыл алынган мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында:
-Кыргыз Республикасынын «Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №25 Мыйзам иштелип чыгып 2019 – жылдын 24 – апрелинде кабыл алынды.
-Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө» Мыйзам долбоору иштелип чыккан (2019–жылы 23-сентябрда чыг. №100/02-3511 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына жөнөтүлгөн). ЖАМКнын Жазык–аткарууну тескөө кызматынын ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөндөрүн алып салуу максатында.
Кыргыз Республикасынын Жазык–аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча каралып жаткан Мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселелери боюнча соттук – укуктук реформанын алкагында ведомство аралык жумушчу топтун кароосуна ЖАМК тарабынан (2019 – жылдын 21–июнунда чыг. №100/01–2310) сунуштар жөнөтүлгөн:
-террористик жана экстремистик мүнөздөгү кылмыш үчүн соттолгон, адам эгерде ал официалдуу өзүнүн идеологиясынан кайтса аны кадимки жана жеңилдетилген шартта жаза өтөөгө которуу мүмкүнчүлүгү;
-өмүр бою эркиндигинен ажыратылган соттолгондун жеңилдетилген шартта жатаканада жашоо мүмкүнчүлүгү;
-бардык категорияда соттолгондор үчүн алардын тартип жаза – чарасы жок болсо жиберилмелерди жана жөнөтмөлөрдү чектелбеген санда алуусу.
Учурда мыйзам долбооруна ушул сунуштар менен министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процесси жүрүп жатат.
Мындан сырткары, учурда карала турган мыйзам долбоорлору иштелип жатат;
-бардык категориядагы соттолгондор үчүн жолугушуунун санын көбөйтүү;
-телефондук сүйлөшүүлөрдүн санын көбөйтүү;
-ай сайын азык – түлүктөрдү жана алгач керектүү болгон буюмдарды сатып алууга акча каражатынын суммасын көбөйтүү;
-Кыргыз Республикасынын Жазык–аткаруу кодексинен катуу режимдеги тарбия колониясын алып салуу;
-өмүр бою эркиндигинен ажыратылган соттолгондун мөөнөтүнөн мурда соттун чечими боюнча бошотууну жандандыруу.
Байкалган боштуктарды жана коллизияларды жою боюнча соттук–укуктук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талдоо боюнча, Кыргыз Республикасынын Премьер–министринин 2019–жылдын 25–февралындагы №99 буйругу менен түзүлгөн ведомство аралык жумушчу топтун кароосуна көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун киргизүү пландаштырылууда,
ЖАМКнын мониторинг жана анализ борборунун уюштурулушу боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбековдун «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында ЖАМКнын 2019-жылдын 13-августундагы №275 буйругу менен ЖАМКнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкы башкармалыгы түзүлдү, ошондой эле 2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин катышуусунда ЖАМКнын мониторинг жана анализ борборунун ачылышы болду.
ЖАМКнын 2019-жылдын 13-августундагы №156с буйругу менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкы башкармалыгынын 39 бирдиктен турган штаттык түзүлүшү бекитилди жана ал төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
-Маалыматтык технология бөлүмү;
-Видео байкоо бөлүмү;
-Ыкчам анализдөө тобу.
Башкармалык берилген ыйгарым укуктардын алкагында билдирүүлөрдү так жана үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылууну, мекемелерди зымдуу жана радио байланыш каражаты аркылуу үзгүлтүксүз жана туруктуу башкарууну, жумуш процессин автоматташтырууну, объектилерди техникалык каражаттар аркылуу ишенимдүү коргоону камсыз кылууну, видеобайкоо системасы аркылуу контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруу максатында ишке ашырат.
ЖАМКнын мониторинг жана анализ борборуна бөлүштүрүлгөн коопсуздук тутумундагы видео байкоо боюнча контролдоо мүмкүнчүлүгү бириктирилип жана Кыргыз Республикасынын ЖАТтын мекемелеринин аймагында кооптуу жагдайларды потенциалдуу байкоону автоматтык түрдө жана аларды жөнгө салууну ишке ашырат, ошондой эле түрдүү байланыш каналдарын (компьютердик тармактарды, чубалгы-оптикалык линияларды) колдонуу менен бирдиктүү тутумду түзүү, реалдуу убакытта режимдеги видео терезеден болуп жаткан окуяларды жана журналда катталган окуяларды чагылдырууну, ошондой эле видео маалыматтарды жазуу, аларды санарипте кийинкиге сактап алып жүрүү үчүн жүргүзүлөт.
Ушул учурда ЖАМКнын бардык мекемелеринде 606 камера жана онлайн режиминде көрүү жана ЖАМКнын 17 мекемесинде көз салууга, байкоого орнотулган камералары менен ЖАМКнын мониторинг жана анализ борбору бар.
Ушул учурда мекеменин өзүдүк каражатынын эсебинен ушул мекемелерге жалпы 136 даана комплекти камераларды орнотуу ишке ашырылууда.
ЖАМКнын мониторинг жана анализ борборун өнүктүрүү үчүн БУУнун баңгизаттар жана кылмыштар боюнча башкармалыгы менен 350 комплект көз салуу, байкоо камерасын жана видео көзөмөлдөө тутуму үчүн коштоочу жабдыктарды сатып берүү жөнүндө, техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимге жетишкен жана 2020-жылдын экинчи жарымында ЖАМКнын мекемелерине кошумча байкоо камералары орнотулат.
Борборду түзүү аркылуу атайын контингент тарабынан болуп жаткан укук бузуулар кыскарды, ошондой эле ЖАМКнын мекемелериндеги кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткаруунун сапаты жогорулады.
ЖАТтын приоритеттүү өнүгүү стратегиясы ЖАМКнын мекемелеринин аймагындагы видео байкоо каражаттары менен кызматкерлердин коопсуздугуна жана атайын контингентке ыкчам байкоо жүргүзүүнү, ошондой эле мекемелердин кезметтеги кезметчисинин төшүнө тагылуучу видеокамералар аркылуу атайын контингент тарабынан административдик жана жазык бузууларды онлайн көрүүнү 100 пайыз камсыз кылуу пландалууда. Азыркы учурда №2,3,8,21,27,47 мекемелерине (БУУнун өнүгүү программасынын техникалык жардамы менен) жалпы саны 154 комплект төшүнө тагылуучу камералар берилген жана 20 комплект Кайтаруу жана күзөт департаментинин кароол башчылары үчүн берилди.
Өлкөнү санариптештирүүгө байланыштуу №16 мекеменин кезмет нөөмөтүн төшүнө тагылуучу видеокамералардан онлайн чагылдыруу боюнча жана ЖАМКнын мониторинг жана анализ борборунда онлайн жазуу жана көрүү жыйынтыгы менен пилоттук долбоорун жүргүзүү жөнүндө өнөктөш болгон Өзбекстан Республикасы менен келишимге жетишкен. Ошого байланыштуу 2020-жылдын 6-мартында массалык маалымат каражаттары менен биргеликте төшүнө тагылуучу видеокамералардан онлайн көрүү мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясы болду. №16 мекемедеги пилоттук долбоор 2 ай ичинде ишке ашырылат.
ЖАМКнын мониторинг жана анализ борбору Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу астында (4 080 490 сомго техникалык жардам көрсөтүлгөн) түзүлдү.
«Соттолгондордун жана камакта камалган адамдардын» маалыматтык базасы боюнча маалымат
ЖАМКнын 2019 – жылдын 19 – сентябрдагы №500 буйругу менен «Соттолгондордун жана камакта камалган адамдардын» маалыматтык Базасы жөнүндө Жобо убактылуу бекитилген. «Соттолгондордун жана камакта камалган адамдардын» маалымат тутуму иштелип чыккан.
«Соттолгондордун жана камакта камалган адамдардын» маалыматтык Базасы төмөнкү модулдардан (блоктон) турат:
-өкүмдөрдү аткаруу жана атайын катто;
-медицина;
-социалдык;
-ыкчам.
Ушул маалымат базасындагы модулдар эркиндигинен ажыратылган адамдарга бошотулган жеринен жүргүзүлөт.
2020–жылдын 25–январынан тартып ЖАМКнын ушул «Соттолгондордун жана камакта камалган адамдардын» маалыматтык базасы жана мамлекеттик каттоо кызматы «Түндүк» ведомство аралык өз ара аракеттенүү электрондук тутумунун каражаты аркылуу маалымат алмашууну ишке ашырат.
Ушул убакта «Соттолгондордун жана камакта камалган адамдардын» маалыматтык базасынын маалыматтык тутумун модернизациялоо (иштеп чыгуу) жана автоматташтыруу үчүн мындан ары «Соттун» автоматташтырылган маалымат тутуму менен интеграциялоо (2020–жылдын 1–чейрегинде аяктайт) мындан ары «Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринин» автоматташтырылган маалымат тутуму менен интеграциялоо (2020–жылдын 1– чейрегинде аяктайт) жүргүзүлүп жатат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012–жылдын 10–февралындагы №85 токтомуна ылайык «Мамлекеттик аткаруу органдары, алардын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана ведомстволук мекемелерине көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө» КРдин Өкмөтүнө караштуу ЖАМК сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдүн эки түрү:
1.Жолугушуу үчүн бөлмө берүү.
2.Жолугушуу үчүн жогорулатылган жайлуулуктагы бөлмө берүү.
«Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору ЖАМКнын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн (жолугушуу үчүн бөлмө берүүгө өзгөчө, тийешелүү) 2020–жылдын 1–апрелине чейин бирдиктүү реестрдин электрондук порталына мамлекеттик кызматтардын https://e.gov.kg/catalog. каталогуна киргизүүнү пландаштырууда.
«Инфоком» мамлекеттик ишканасынан ЖАМКнын мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун операторлору үчүн электрондук сандык жазуу сатып алынды.
«Түндүк» мамлекеттик ишканасынан 2020–жылдын 23–январында чыг. №01-7/31 каты алынган, азыркы учурда «Түндүк» мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик порталын модернизациялоо боюнча (мындан ары – ЭКМП) техникалык иш-чараларды жүргүзүп элдерге автоматташтырылган мамлекеттик кызмат көрсөтүү максатында электрондук кызмат техникалык иш – чараларды жүргүзүүдө. Ошол эле учурда ЖАМК ЭКМПга кошулуу максатында, ЖАМКнын мекемелеринде «Жолугушуу үчүн бөлмө берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча бизнесс–процесси менен сунуштар (2020 – жылдын 20 – февралда чыг. №100/02-517) жөнөтүлгөн.
Соттук процесстерди жүргүзүү үчүн видеоконференц – байланыш тутуму боюнча маалымат
КРдин Өкмөтүнүн 2019 – жылдын 2- июлундагы №244 – р тескемесине ылайык ЖАМКнын мекемелеринде видеоконферец – байланыш долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен – 15 728 000 сом каралган.
Ушул учурда Бишкек шаарындагы жана Чүй областындагы №1,2,3,8,14,16,19,21,27,31,47,50 мекемелеринде жабдуулар орнотулду жана Бишкек шаарынын соттору менен тутумду тестирлөө жүргүзүлүүдө.
2020 – жылдын 28 – февралында Бишкек шаардык, Свердлов райондук соттору менен онлайн байланышта видеоконферец–байланыш мүмкүнчүлүгү, ошондой эле видеоконферец–байланышы боюнча ЖАМКнын атайын комиссиясы массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда презентациясы жүргүздү.
2020–жылдын 9–мартынан тартып аймактагы №10,23,24,25,53 мекемелерин видеоконферец–байланышына кошуу ишке ашырылат.
«Infodocs» электрондук документ жүгүртүү тутуму боюнча маалымат
«Санарип Кыргызтан 2019–2023» санарипти трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картасын» аткаруу учурунда, КРдин Өкмөтүнө караштуу ЖАМК бүгүнкү күндө жабык VPN-туннель аркылуу «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү тутумунун серверине кошулду.
2020–жылдан 17–февралынан 19 – февралына чейин «Инфоком» МИнин кызматкерлери ЖАМКнын кызыктар кызматы менен «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү тутуму боюнча окууларды өткөрдү.
Катчылыка жана кадыр иштери боюнча башкармалыка жогорку ылдамдыктагы сканер–принтерлер жана электрондук документ жүгүртүү тутумун колдонуу үчүн жабдуулар коюлган, ЖАМКнын жооптуу кызматкерлери «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү тутумунан тийешелүү колдонууларга мүмкүндүк алышты.
Атайын комиссиянын 2019 – жылдагы ишмердиги боюнча тактама
Соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн түзөтүү мекемесинин түрүн жана жерин аныктоо Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 3-пунктунун талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын Атайын комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.
Жазык-аткаруу тутмунун мамлекеттик органынын Атайын комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби КРдин Өкмөтүндө аныкталат.
Көрсөтүлгөн мыйзамды ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» №399 токтому бекитилген.
Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесинин 6-пунктунун негизинде түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү иши жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы тарабынан аныкталуучу түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечиминин негизинде жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен жүргүзүлөт.
2019-жылы ЖАМКнын атайын комиссиясынын кароосуна 1726 материал келип түшкөн жана соттолгондорго түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү боюнча ЖАМКнын атайын комиссиясынын 63 жолу отуруму болуп өттү.
Каралган материалдардын жалпы саны 1726 түзөт, анын жыйынтыгында:
-түзөтүү мекемелеринен жана тергөө изоляторлорунан жатак-абактарына 1108 адам которулду;
-407 соттолгонду жатак-абагына которудан (терс мүнөздөгүлөрдөн, оңолуу жолуна түшпөгөндөрдөн) баш тартылды;
-жаза өтөөдө белгиленген тартипти одоно бузгандыгы үчүн жатак-абагынан катуу жана жалпы режимдеги түзөтүү мекемесине 89 соттолгон адам которулду жана 23 соттолгонду түзөтүү мекемесине которуудан баш тартылды;
-тарбиялоо мекемесинен жалпы режимдеги түзөтүү мекемесине 18 жашка чыккан 12 соттолгон адам которулду;
-жаза өтөөдө белгиленген тартипти одоно бузгандыгы үчүн жалпы жана катуу режимдеги түзөтүү мекемесинен түрмө режимине 41 соттолгон адам которулду жана түрмө режимине которууга 3 адамдан баш тартылды.
Ошондой эле, ЖАМКнын атайын комиссиясынын түзөтүү мекемесинин түрүн жана жаза өтөө жайын аныктоо боюнча 47 отуруму болуп 1592 соттолгондун эркиндигинен ажыратылган түрүндөгү жазаны өтөөсү үчүн түзөтүү мекемесинин түрү жана жери аныкталды.
Атайын комиссиянын 2020 – жылдын 6 – мартына чейинки ишмердиги боюнча тактама
ЖАМКнын атайын комиссиясына жылдын башында жалпы 250 материал келип түшкөн жана ЖАМКнын мекемелеринен сунушталган түзөтүү мекемесиндеги түрлөрүн өзгөртүү жөнүндө материалдарды кароо боюнча 8 көчмө жыйыналыш болгон.
Каралган материалдардын жалпы саны 194 түзөт алардын ичинен:
-ТМ, ТИЗОдон – 58 соттолгон жатак абактарына которулган;
-жатак акбактарына которулуудан 102 соттолгон (түзөтүү жолуна түшпөгөндөр, терс мүнөздөгүлөр) баш тарткан;
-жатак абагынан жаза өтөө үчүн белгиленген тартипти атайлап бузган – 15 соттолгон түзөтүү колониясына катуу жана жалпы режимге которулду жана которулуудан – 1 соттолгон баш тарткан;
-жаш курагы 18–жашка жеткендиги боюнча тарбия коллониясынан түзөтүү колониясына жалпы режимге – 1 соттолгон которулду;
-түзөтүү колониясынын катуу режиминен жаза өтөөдөгү белгиленген тартипти атайлап бузган 13 соттолгон тюрмө режимине которулду, которулуудан – 1 адам баш тарткан.
Ошондой эле, 2020 – жылдын январынан баштап ЖАМКнын Атайын комиссиясынын 9 жыйналышы болуп түзөтүү мекемесиндеги түрүн аныктоо боюнча жана эркиндигинен ажыратылган түрүндөгү жаза өтөө ордунан, 297 соттолгон бөлүштүрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019 жылдын 27 – декабрындагы №716 токтомун (паспорттоштуруу боюнча) ишке ашыруу боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018 – жылдын 9 – октябрындагы «Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү жана жеке идентификациялык номерди ыйгаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №467 токтомун аткаруу боюнча, ЖАМКнын ведомство аралык курамдагы жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары тергөө изоляторунда кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыккан. Ушул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019 – жылдын 27 – декабрында №716 токтому менен бекитилген.
2020 – жылдын 14 – январында көрсөтүлгөн регламент официалдуу түрдө «Эркин-Тоо» газетасына жарыяланган жана 2020 – жылдын 21 – январында мыйзамдуу күчүнө кирген.
ЖАМК «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 27– декабрындагы токтомун аткаруу жөнүндө» ишке ашыруу максатында 2020 – жылдын 13–январында №11 буйрук чыгарган.
Бүгүнкү күндө ЖАМКнын түзөтүү мекемелеринен мамлекеттик каттоо кызматынын аймактагы органдарына 478 соттолгондун документтештирүү үчүн арыз анкетасы жөнөтүлгөн.
Автоматташтырылган маалымат тутумунан 2017–жылдагы үлгүдөгү паспортко документтештирүү мүмкүнчүлүгүн бекемдөө үчүн, жаза өтөп жаткандардын маалыматтарын текшерүү жол жоболору кармалгандардын ар биринен алынган арыз анкетасы боюнча, «Паспорт» автоматташтырылган маалымат системасынан, «Адрес жана маалымат берүү бөлүмүнөн» жана «Жарандык абалды каттоо актысынан» маалыматтары текшерилгенден кийин мамлекеттик каттоо кызматынын аймактагы органынын өкүлү ЖАМКнын түзөтүү мекемеси менен биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн баруу датасы жөнүндө макулдашат.
Ушул убакта соттолгондордун биометрикалык маалыматтарын чогултуу үчүн төмөндөгү баруулары ишке ашырылды:
-2020 – жылдын 24 – февралында Октябрь райондук паспорттоштуруу жана калкты катто бөлүмүнө №21 мекемесинен мурда жөнөтүлгөн 10 арыздан 4 соттолгонго биометрикалык күбөлөндүрүү болду;
-2020–жылдын 25–февралында Жалал–Абад шаарындагы паспорттоштуруу жана калкты катто бөлүмүнө №10 мекемесинен мурда жөнөтүлгөн 60 арыздан 13 соттолгонго биометрикалык күбөлөндүрүү болду;
Пенитенциардык пробация боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» 2017–жылдын 24– февралдагы №34 Мыйзамынын 11 беренесин жана №8 параграфын аткаруу учурунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 31– декабрындагы №666 «Кыргыз Республикасынын пробация органын түзүү маселелери жөнүндө» мекеменин тарбия кызматы өз убагында бир жыл ичинде бошотула турган соттолгондордун тизмесин жөнөтөт.
Пробация Кызматына 1112 соттолгондун тизмеси жөнөтүлгөн. 474 соттолгонго жеке программалар жана пробациянын доклады түзүлгөн.
2019–жылдын сентябрынан пенитенциардык пробация боюнча иш токтотулган.
Бирок, келген иш–чаралар жана пробация Кызматынын өкүлү чыгарган корутунду боюнча тарбия кызматынын кызматкерлери жеке программаны түзөт жана жоголгон документтерди жана туугандарынын байланышын, жалпы жарандык паспортторду тариздөөнү, кесипке ээ болууну, медициналык камсыздоону жана пенсиялык камсыздандырууну калыбына келтирүү боюнча иш – чараларды кабыл алат, ошондой эле соттолгондордун бошотулгандан кийин жумушка орношуусу үчүн аймактык жумушка орноштуруу бөлүмү менен өз ара аракеттенет.
Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер!
ЖАКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен, төрага А. Эгембердиев