Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы
Ишеним телефону
+(996) 312 43-11-77

Кымбаттуу мекендештер, урматтуу кесиптештер! 

ЖАКнын расмий сайтына кош келиңиздер! Сиздер сайттан биздин кызматтын иштери тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот. Биз өз компетенциябыздын чегинде Сиздерди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Урматтоо менен,  төрага       А. Эгембердиев

Укук коргоо органдарына кызматка кирүүнүн шарттары

 

1. Укук коргоо органдарына кызматка башка мамлекеттин жарандыгы болбогон, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча жарактуу деп таанылган, дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары - жарандар) ыктыярдуу тартипте кабыл алынат.

 

2. Аскердик кызматтан, запастагы офицерлердин жана альтернативалык кызматтын программасы боюнча аскердик даярдыктан милдеттүү түрдө өтүү жөнүндө талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) аялдарга;

2) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын же аскердик окуу жайларды, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларын аяктаган адамдарга;

3) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларына же аскердик окуу жайларга, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларына окууга жиберилгендерге;

4) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү атайын адистик билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун талап кылган айрым кызматтарга.

 

3. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын же аскердик окуу жайларын, мамлекеттер аралык макулдашууларга же аларга ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууларга ылайык чет мамлекеттердин ушундай окуу жайларын күндүзгү, бюджеттик окутуу формасында бүтүргөн адамдарды укук коргоо органдарына кызматка кабыл алууда алардын окуган мөөнөтү атайын наам берилгенден кийин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөгө теңештирилет.

 

4. Укук коргоо органдарына кызматка кирип жаткан жарандарды медициналык жана психофизиологиялык текшерүүнүн натыйжалары боюнча конкреттүү укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу же жараксыздыгы жөнүндө корутунду берилет.

 

5. Медициналык жана психофизиологиялык текшерүүдөн өтүүнүн, ошондой эле ал боюнча корутунду даярдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

6. Адам укук коргоо органдарына кызматка кабыл алынбайт же иштей албайт, эгерде:

1) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылса же наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турса;

2) жазыктык кылмыш үчүн соттуулугу бар болсо же мурда соттолгон болсо, ал жоюлгандыгына же алып салынганына карабастан, же болбосо жорук жасагандыгы үчүн соттолсо;

3) реабилитациялануучуга тиешеси бар жагдайлар боюнча токтотулган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жазыктык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте  ага карата жазыктык куугунтоо токтотулса;

4) ээлеп турган кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерин аткаруусу мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан учурда мындай маалыматтарга жеткиликтүүлүктү тариздөө жол-жобосунан өтүүдөн баш тартса;

5) компетенттүү органдар тарабынан ага мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзүүчү маалыматтарга жеткиликтүүлүк берүүдөн баш тартса, мында кызматкер мындай маалыматтарды пайдаланууга байланышпаган кызмат орундарында кызмат өтөөдөн баш тартса;

6) контрактка кол коюудан же ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тартса;

7) саламаттыгынын абалы, анын ичинде психофизиологиялык абалы белгиленген талаптарга туура келбесе;

8) дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырбаса;

9) кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жаракты жана согуштук техниканы колдонууга байланышкан шарттарда дене-бойлук даярдыгынын жана кесиптик жарактуулугунун деңгээли боюнча мезгилдүү текшерүүдөн укук коргоо органдарында белгиленген тартипте өтпөсө;

10) чет мамлекеттин жарандыгын, чет мамлекетте убактылуу жашоо укугун алууга документтерди, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арызын берсе, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо, башка мамлекеттин жарандыгына же убактылуу жашоо укугуна ээ болсо же чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашоо укугун ырастоочу башка документи болсо;

11) укук коргоо органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан терс негиздер боюнча бошотулса;

12) укук коргоо органдарына кызматка кирүүдө жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берсе;

13) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутатынын мандатын алса, ошондой эле саясий партиянын мүчөлүгүнө кирсе;

14) анын жакын туугандарынын өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу Кыргыз Республикасынын жазыктык мыйзамдарына ылайык жоюлбаса же алып салынбаса, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса.

 

7. Жазыктык иш же болбосо жоруктар жөнүндө иш боюнча шектүү же айыпталуучу болуп саналган адамдар да укук коргоо органдарына кызматка талапкер боло албайт.

 

8. Укук коргоо органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына - 30 жашка чейинки курактагы, биринчи жолу кызматка кирип жаткан, ал эми орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына 35 жашка чейинки курактагы жарандар кабыл алынат.

 

9. Тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү айрым кызмат орундарына 35 жаштан жогорку курактагы адамдар дайындалышы мүмкүн.

 

10. Профессордук-окутуучулук курамдагы кызмат орундарына илимдин кандидаты, илимдин доктору илимий даражасы, доцент, профессор илимий наамы бар 40 жашка чейинки курактагы жарандар кабыл алынат.

 

11. Кийин, чектелген жаш куракка жеткенде укук коргоо органдарынан бошогон учурда, иштеген жылдарынын жалпы эсеби кызматкерлерди пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия дайындоого укук берген шартта, укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуу үчүн белгиленген жаш курактан өткөн, мурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында, Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн адамдарды укук коргоо органдарына кызматка кайрадан кабыл алууга жол берилет.

 

12. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына ортодон төмөн эмес билими бар жарандар билим берүү мекемесинде алгачкы даярдык курстарынан өткөндөн кийин укук коргоо органындагы кызмат орундарынын категорияларына карата коюлган квалификациялык талаптарды эске алуу менен кабыл алынат.

 

13. Орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына жогорку билими бар жарандар, билим берүү мекемелеринде алгачкы даярдык курстарынан өткөндөн кийин укук коргоо органындагы кызмат орундардын категорияларына карата коюлган квалификациялык талаптарды эске алуу менен кабыл алынат. Укук коргоо органдарындагы медициналык персоналдын орто жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына атайын орто билими бар адамдар да дайындалат.

 

14. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундарынын тиешелүү категорияларына карата коюлган квалификациялык талаптар укук коргоо органдары тарабынан белгиленет.

 

15. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен жарандарды кызматка алуу жана (же) кызмат ордуна дайындоо Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамдарынын жоруктар жана кылмыштар үчүн жоопкерчилик тартуусуна алып келет.