Какие стихи пишут кыргызстанцы за колючей проволокой?

Какие стихи пишут кыргызстанцы за колючей проволокой?

СИН представляет поэтическую подборку трех осужденных из различных колоний Чуйской области. Оцените их таланты, друзья!

Недавно в учреждениях Службы исполнения наказаний Минюста КР прошел цикл мероприятий в честь Международного дня памяти Нельсона Манделы, учрежденного Генеральной Ассамблеей ООН еще в 2010 году.

Напомним, что этот всемирно известный чернокожий борец за свободу в свое время был брошен расистами за решетку, где пробыл целых 27 лет!

Выйдя на волю в 1990 году он стал лауреатом Нобелевской премии мира, а чуть позже – первым демократически избранным президентом ЮАР.

День Нельсона Манделы отмечается во многих странах, включая Кыргызстан. СИН, к примеру, уже провела в честь этой даты серию игр в пинг-понг и шахматные турниры среди осужденных, концертные выступления, лекции и беседы о жизни несгибаемого африканца.

В числе мероприятий под эгидой ООН состоялся и конкурс творческих работ, в котором участвовал спецконтингент практически со всех регионов Кыргызстана.

Кроме прочего были представлены на суд строгого жюри из СИН и немало поэтических произведений, рожденных в местах лишения свободы.

Сегодня мы ознакомим вас с работами трех разных людей.

Во-первых, с одой, посвященной Манделе, автором которой стал осужденный Чокоев М. из учреждения №16 в Беловодске. Затем идет подборка из пяти стихотворений Рысбаева М.Т., находящегося сейчас в ИК-1 в Молдовановке. И замыкает цикл три стихотворения из-под пера Айдаралиева И. из учреждения №19 в поселке Жаны-Жер Сокулукского района.

Прочтите и сами оцените их конкурсные труды...

Нельсондун күнүнө карата ода

Эркиндик эңсөөсү, лидерлик,

Жаралган кан менен, жан менен.

"Болсо деп ааламда калыстык"

Эр өткөн темир тор жеңбеген.

Ким дээрсиң эх досум, айтайын,

Эрксиз куш, мен өңдүү, сен өңдүү.

Мандела Нельсондун эрдиги,

Таңдантты, багынтты дүйнөнү.

"Ак, кара, бай, кедей баарысы,

Адамдык бактыга акылуу".

деп Нельсон жаштыгын коротту,

Болсо деп бүт улут бактылуу.

Караңгы, сыз дубал, жалгыздык,

кайтарып күн түнү желдеттей...

Жылына бир гана кат келет,

Араң жан үмүтүн түгөтпөй...

Айрылды уулунан а бирок,

Билчү ал бул күндөр бүтөөрүн

Кайгыга уугуп турса да.

Курчутту бүркүттөй текөөрүн...

Бороондуу күндөрдүн азабы,

Жыйырма жети жыл муунтту.

Жеңилбей сынбастан тар жолдо,

Теңдеди бай, кедей, улутту.

Башыңды көтөргүн эх досум,

Күтүүдө апабыз, алган жар.

Алдыда көп али жакшы күн,

Биз эркин жашачу өмүр бар.

Сагыныч унутулат жанды эзген,

Санаалар саргайткан жок болот.

Келечек жаркын нур болсо эгер,

Өткөн күн кайрылгыс аткан ок.

Ишенем, сен дагы ишенгин,

Жакшы күн, жакшы иштер алдыда.

Нельсондун эрдиги сени да,

Сүрөсүн алдына, алдыга!!!

Автору: Чокоев М. (№16 мекеме)

 

ЖҮРӨКТӨГҮ КАРА ТАК

Күн өткөрдүм, кыжырланып кайгырып

Келекчектен үмүт этип жакшылык.

Кайгы менен мен өткөргөн күндөрүм

Койдум чиркин, жүрөгүмө жаздырып.

Кайра келбес, канчалаган күн өткөн

Карегимден сан жетпеген жаш төккөм.

Кечиргин деп, тоодой алтын берсе да

Кантип өчөт кара тагым жүрөктөн.

Бул дүйнөнүн балдай даамын татпастан

Бала элем, карып калгам мен качан.

Кайгы-капа, сар-санаанын айынан

Кара чачым, бубак болуп ак баскан.

 

КАЧА БЕРЕМ

Качам сенден, уулум уулун өпкүчө

Бак-дарагым, мөмө-жемиш төккүчө,

Болбосо эгер, баштагыдай мамиле

Кача берем, бул дүйнөдөн өткүчө.

Таанышканда бактымсың деп ойлодум.

Таттуу тилеп, алга максат койгомун.

Түшүндүңбү, же түшүнбөй алданып,

Турмуш менен туура эмес ойнодук.

Карыган кезде жүрөк жаман эзилди

Кайра чакыр эң алгачкы сезимди.

Кача бербей, жолугуудан бетме-бет

Кайрып берчи, сүйүп жүргөн сезимди.

Качырбагын мен качпайын алыстап.

Кыйын экен сезим менен алышмак.

Кетсек эгер, эки жолго бөлүнүп,

Калат тагдыр, болуп бизге табышмак.

 

ТОСКООЛ БОЛБОС АЙРЫМА

Кара көзүм, салбай мени кайгыга

Кат аркылууу, чакыр туулган айылыңа.

Туура келсе ойлорубуз кыналып,

Тоскоол болбос, ортобузда айрыма.

Таанышканда, сөзүң угуп ойлондум,

Ток этерин, бетке айтып койгонсуң,

Күчү кетип, картайды деп ойлобо

Күчкө толгон белдүү жигит бойдонмун.

Алды жакта күндөр турат белгисиз

Ар тараптуу бизге тийиш энчибиз.

Эгиз козу болсок деймин биригип,

Азыр жалгыз бирден, бирден тепкибиз.

Адаммын мен, үмүт менен жашаган,

Алды жакта ак барактан баштаган.

Бешенеме ыймандуу аял жолугуп,

Болсо экен кыйындыктан качпаган.

ЖАЗ АЙЫ

Таң агарып, булбул таңшый баштады

Тал-теректин обон кошуп баштары.

Аалам өзү кандай сонун керемет.

Алма-өрүктүн таңда гүлүн ачканы.

Тоо-талаанын түрдүү үндүү куштары

Таң атканда, кандай кооз учканы.

Магдыратат сырлуу аалам адамы

Май айында, жердин чыгып чачтары.

Жар салышат мөмө-жемиш шактары

Жаз келди деп, амал жаңы башталды

Таң агарып, шаңын кошот жашоого

Тоо гүлдөрү, таңда гүлүн ачканы.

БЕЛЕГИМ

Жаратканым белек кылган Дастаным,

Чыгасың сен, чокусуна асканын.

Жолдош-жоро, жан шеригиң бузса да

Жакшылыктан жаман жолго баспагын.

Алла берген бул дүйнөдө үмүтүм.

Айланайын өмүр сурап күнү-түн

Кайда жүрбө аман болуп ар-дайым

Кызмат кылгын, ата-журтуң, эл үчүн.

Шүгүр кыл деп, Аллам берген кубатым

Шылдыр аккан көзү болчум булактын

Арман калды, көөдөн толо айтылбай

Аргасызмын, айтсам жетпес убактым.

Талпынып, канат кагар убагыңда

Туш болдуң, тагдыр тарткан тузагына

Аман болгун, дайыма сактап жүргүн,

Атаңдын айткан сөзүн кулагыңда.

Автору: Рысбаев М.Т. (№1 мекеме)

Эне

Энелүү жашоо эр жашоо,

Энесиз жашоо көр жашоо.

Эркиндиктин жыргалы,

Энелерге бер жашоо.

Энелүү өмүр күн өмүр

Энесиз өмүр түн өмур

Эненин көөнү балада,

Энени сүйүүп сүр өмүр.

Энелүү тупмуш зор турмуш,

Энесиз турмуш кор турмуш,

Энеге таазим кылбасаң,

Эч качан болбойт жөн турмуш.

Энеден ашкан бакыт жок,

Энеден балуу жакут жок.

Эне нан тамак май чайың,

Энесиз каймак курут жок.

Энең, жок үйдүн жыты жок,

Энең жок үйдүнг куту жок,

Энесиз нан да даамсыз

Энесиз жармаң тузу жок.

Өмүр ыры

Дайыма жаштык менен өтсүн өмүр,

Кусаланып эч убакта чокпой көңүл.

Бул жашоодон билинбестен өтө берет

Адамзатка бир берилген чиркин өмүр.

Жаштыкта көңүл ачып ойноп күлгүн,

Эртең жокпуз жер үстүндө болсок бүгүн.

Жүрөлүү биз ар дайым баркын билип,

Жараткан бизге берген өмүр гүлүн.

Өмүрдү жазда чыккан гүлгө окшотсоң

Окшотосуң кээде аны айга толгон,

Өмүр бизде өтүп кетсе ал кайрылбайт,

Адамзаттан биротооло кеткен бойдон

Кыргызстан

Боордош калкыбыз бар көп улуттан,

Ынтымак бир туугандайжашап турган.

Элдерди эркиндикте эркелеткен,

Эрки күч эгемендүү кыргызстан.

Жеримде түркүн жемиш жайнап турган,

Көркүң кооз көргөн жанды суктандырган,

Эшиги кимге болсун кенен ачык,

Энедей пейил күткөн Кыргызстан.

Ала-Тоо көк мелжиген бийик асман,

Ак калпак кийип кыргыз түшпойт баштан,

Бастырбай кас душманга Кыргыз жерин,

Эр жүрөк жоокери бар четте турган.

Автору: Айдаралиев И. (№19 мекеме)

 

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0312 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

Аламудунский район, с. Степное б/з ул

 0312 46-20-57

Исправительное

учреждение №3

Ысык-Атинский район, с. Ново-Покровка, ул. Логвиненко 25

0(550)45-40-05

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1

0312 29-72-21

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

0312 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

0312 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 45-16-05

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

0312 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0(551)45-79-05

Колония-поселения №32

г. Бишкек, ул. Деповская 78

 0312 45-75-32

Колония-поселения №38

г. Кемин, ул. Набережная 1

0(3135)5-00-35

Колония-поселения №45

Московский район, с. Беловодское, ул. Фрунзе 120

 0(3131) 5-12-71

Воспитательная

колония №14

Панфиловкский район, с. Вознесеновка, ул. Заводская 1

 0312 45-36-24

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

0312 59-08-14

Следственный

изолятор №50

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3

0312 45-39-82