Соттолгондор үчүн

ЖАМКнын медициналык тейлөө системасы бүгүнкү күндө төмөнкү түзүмдөн турат: Медициналык башкы башкармалык, 10 медициналык-санитардык бөлүм, 3 саламаттык пункту жана 1 стационардык дарылоо ооруканасы (№ 31 мекеменин алдындагы Борбордук оорукана, 315 керебетке ылайыкталган). Борбордук ооруканада төмөнкү бөлүмдөр иштейт: көп тармактуу, хирургиялык, психоневрологиялык, наркологиялык жана кургак учук бөлүмдөрү.

Соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу алардын ден соолугун коргоо укугун камсыз кылууга багытталган профилактикалык, дарылоо жана диагностикалык иш-чаралардын комплексин камтыйт.

Иштеп жаткан медициналык-санитардык бөлүмдөрдүн базасында соттолгондорго жана камакта кармалган адамдарга амбулатордук деңгээлде медициналык жардам көрсөтүлөт. Ал эми стационардык медициналык жардам жогоруда аталган ооруканада көрсөтүлөт.

Зарыл болгон учурда тиешелүү коопсуздук жана изоляция талаптарын сактоо менен жарандык саламаттык сактоо уюмдарында да медициналык жардам көрсөтүлөт. Медициналык жардам Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык жардам менен камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдө көрсөтүлөт.

ПРООН жана Глобалдык фонд менен биргеликте төмөнкү программалар ишке ашырылууда:

·         «Опиоид агонисттери менен колдоочу терапия» программасы 2008-жылдан тартып ишке ашырылып, ЖАМКнын № 1, 2, 16, 21, 25, 31 жана 19 мекемелеринде жүргүзүлүүдө.

·         АИВ (ВИЧ) менен жашаган адамдарга антиретровирустук терапия жүргүзүү жана АРВ-терапияга берилгендикти жогорулатуу программасы 2005-жылдан бери ишке ашырылып келет. Азыркы учурда ЖАМКнын № 1, 2, 8, 19, 27 жана 31 мекемелеринде жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ооруканалар менен кызматташуунун улантуучулук системасы түзүлгөн. Мисалы, кургак учуктун оор формалары менен жабыркаган жана бошотулган адамдар андан ары дарылоо жана байкоо жүргүзүү үчүн жарандык саламаттык сактоо системасынын кургак учукка каршы мекемелерине түздөн-түз жөнөтүлөт.

Жалпысынан алганда, соттолгондорго медициналык кызмат көрсөтүү боюнча медициналык кызматтын ишмердүүлүгү тиешелүү деңгээлде жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен 2020-жылдын 10-декабрындагы № 603/1045 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жөнүндө» биргелешкен буйругунун алкагында санавиация аркылуу шашылыш консультациялар, ошондой эле оор формалардагы оорулары бар бейтаптарга Саламаттык сактоо министрлигинин тийиштүү адистери тарабынан консультациялар уюштурулат.

Ошондой эле бейтаптарды диагностикалык максатта текшерүүдөн өткөрүү үчүн төмөнкү изилдөөлөр жүргүзүлөт:
ЯМРТ (ядролук-магниттик-резонанстык томография), компьютердик томография, ЭхоКГ (эхокардиография), ЭЭГ (электроэнцефалография), ВЭМ (велоэргометрия), КАГ (коронароангиография).

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин төмөнкү ири медициналык мекемелери менен кызматташтык күчөтүлгөн:
Кардиология жана терапия боюнча улуттук борбор, Улуттук госпиталь, Онкология жана гематология улуттук борбору, Фтизиатрия улуттук борбору, Улуттук хирургия борбору.

Аталган мекемелердин базасында оор абалдагы бейтаптарга квалификациялуу консультациялык жардам көрсөтүлөт, ошондой эле зарыл болгон учурда заманбап медициналык жабдуулар менен текшерүүдөн өтүү жана стационардык дарылоо мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.

 Камактагы адамдарды профилактикалык кароодон өткөрүү

2018-жылдан тартып ЖАМКнын мекемелеринде жыл сайын пландуу профилактикалык медициналык кароолор жүргүзүлүп келет. Камактагы адамдар терапевт, хирург, фтизиатр жана уролог адистеринин кароосунан өтүшөт.

Мындан тышкары, аларга В жана С вирустук гепатиттерине, ошондой эле ВИЧ-инфекциясына скрининг жүргүзүлөт. Вирустук гепатит аныкталган учурда соттолгондорго вируска каршы тийиштүү дарылоо жүргүзүлөт.

Пенитенциардык мекемелер

Чүй облусу

Мекемелер

Дереги

Телефон

№1 Түзөтүү мекемеси

Аламүдүн району, Молдовановка айылы, пионер көчөсү 1

 0 (312) 45-21-50

№2 Түзөтүү мекемеси

Бишкек шаары Биринчи Май району, Степное айылы н / ж

 0 (312) 46-20-57

№8 Түзөтүү мекемеси Москва району, Петровка айылы, Ломоносов көчөсү 1  0 (312) 29-72-21
№14 Тарбия абагы Ысык-Ата району, Нижний Нооруз көчөсү, Аскер шаарчасы 3  0 (312) 45-36-24

№16 Түзөтүү мекемеси

Москва району, Беловодск айылы, Курчатов көчөсү 1

 0 (312) 60-77-16

№19 Түзөтүү мекемеси

Сокулук району, Жаңы-Жер айылы, Зеленая көчөсү, 24

 0 (312) 45-33-15

№27 Түзөтүү мекемеси

Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1

 0 (312) 45-15-54

№31 Түзөтүү мекемеси

Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1

 0 (312) 93-76-89

№26 Жатак абагы

Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Дружба көчөсү н / ж

 0 (551) 45-79-05

№21 Тергөө изолятору Бишкек ш., геологиялык 2-тилке

 0 (312) 59-43-39