Сыйлыктар

 Ведомстволук медалдар жана сыйлоонун тартиби

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин, аскер кызматчыларын, жумушчуларын жана кызматчыларын,  Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды сыйлоо үчүн, Кыргыз Республикасынын   2020-жылдын     3-февралындагы №52  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын 34-пунктун ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө” жобонун 17-пунктун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын ведомстволук сыйлыктары уюштурулган. 

 1) “Устат”,

 2) “Кадыр”

 3) “Кадырман”

 4)  “Кайрат” I, II даражасы,

 5) “Ардагер”,

 6) “Чоро” I, II, III  даражасы,

 7) “Мыкты айым”,

 8) “Жоокер” I, II даражасы,

 9) “Жигердүү кызматташтыгы үчүн”,

 10) “ЖАТка 20 жыл” мааракелик медалы.

          "Устат" медалы 

       1. “Устат” медалы менен төмөнкү жетишкендиктери үчүн сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарын жана мекемелерин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн;

- Жазаларды аткаруу кызматына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле кызматкерлерди жана аскер кызматчыларын окутуу жана тарбиялоо жаатында жемиштүү ишмердиги жана сиңирген эмгеги үчүн.

2. "Устат" медалы менен төмөнкү учурда сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө календардык мөөнөттө 20 жана андан ашык жылдык кызмат (иш) стажы бар кызматкерлер, аскер кызматчылар;

- Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар;

- жазык-аткаруу тутумунун ардагерлери.

3. “Устат” медалы менен сыйлоо бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын жана Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаменттин начальнигинин буйругу менен  жүргүзүлөт.

4. “Устат” медалы менен сыйлоо кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаруунун, жогорку маданияттын жана кынтыксыз жүрүм-турумдун үлгүсү болууга тийиш.

5. “Устат” медалы менен сыйланган адамга белгиленген формадагы медалдын күбөлүгү тапшырылат.

6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар өздөрүнө таандык “Устат” медалын жана алардын документтерин алып кетүүгө укуктуу.

7. “Устат” медалы көкүрөктүн сол жагына тагылат.

8. “Устат” медалы менен кайталап сыйлоо жүргүзүлбөйт.

“Кадыр” медалы 

1. “Кадыр” медалы менен төмөнкү жетишкендиктери үчүн сыйланат:

- узак мөөнөттүү кызмат өтөгөндүгү, ошондой эле күжүрмөн жана кесиптик даярдыктагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарын жана мекемелерин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн;

- көп жылдык жемиштүү иши жана Жазаларды аткаруу кызматына жүктөлгөн милдеттерди аткарууда, ошондой эле кызматкерлерди, аскер кызматчыларын окутуу жана тарбиялоо жаатында жардам көрсөтүүгө сиңирген эмгеги үчүн.

2. “Кадыр” медалы менен төмөнкү учурда сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн, календардык мөөнөттө 20 жана андан ашык жылдык иш стажы бар кызматкерлер жана  аскер кызматчылар;

- Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар;

- жазык-аткаруу тутумунун ардагерлери.

3. “Кадыр” медалы менен сыйлоо бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын жана Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаменттин начальнигинин буйругу менен  жүргүзүлөт.

4. Сыйланган адамга “Кадыр” медалы менен бирге белгиленген формадагы медалдын күбөлүгү тапшырылат.

5. “Кадыр” медалы менен сыйлоо кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаруунун, жогорку маданияттын жана кынтыксыз жүрүм-турумдун үлгүсү болууга тийиш.

6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар өздөрүнө таандык “Кадыр” медалын жана алардын документтерин алып кетүүгө укуктуу.

7. “Кадыр” медалы көкүрөктүн сол жагына тагылат.

        8. “Кадыр” медалы менен кайталап сыйлоо жүргүзүлбөйт.

 

           

“Кайрат” медалы 

1. “Кайрат” медалы менен төмөнкү жетишкендиктери үчүн сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ишин чебер уюштургандыгы үчүн;

- кызматтык, ыкчам жана чарбалык иштердеги көргөзгөн демилгеси жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн;

- кесиптик чеберчиликти өркүндөтүүдөгү ийгиликтери үчүн;

-жазык-аткаруу тутуму үчүн кадрларды окутууга жана даярдоого кошкон олуттуу салымы үчүн.

2. “Кайрат” медалы эки даражадан турат:

- I даражадагы  “Кайрат” медалы;

- II даражадагы “Кайрат” медалы.

Эң жогорку даража болуп I даража саналат. Сыйлыктар ырааттуулугуна жараша  ыйгарылат: I  даража, II даража.

3. “Кайрат” медалы менен Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорорунун укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн аттестацияланган кызматкерлер жана аскер кызматчылары сыйланышат.

Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын чечими боюнча календардык эсептөөдө укук коргоо органдарында 3 жана андан ашык жылдык кызмат (иш) стажы бар, контракт боюнча иштеген адамдарга кезектеги ведомстволук айырмалоо белгиси менен сыйлоо жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. “Кайрат”  медалы менен сыйлоо бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын жана Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаменттин начальнигинин буйругу менен жүргүзүлөт.

5. “Кайрат” медалы менен сыйлоо кызматтык милдеттерин так аткаруунун, жогорку маданияттын жана кынтыксыз жүрүм-турумдун үлгүсү болууга тийиш.

6. Сыйланган адамга “Кайрат” медалы менен бирге белгиленген формадагы медалдын күбөлүгү тапшырылат.

7. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар өздөрүнө таандык "Кайрат" медалын жана алардын документтерин алып кетүүгө укуктуу.

8. “Кайрат” медалы төштүн сол жагына тагылат жана улуулук даражаларынын тартибинде тагылат: I, II.

        9. “Кайрат”  медалы менен кайталап сыйлоо жүргүзүлбөйт.

                        

“Ардагер”  медалы 

1. “Ардагер” медалы менен төмөнкү жетишкендиктери үчүн сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн, календардык эсептөөдө 25 жана андан ашык жылдык кызмат (иш) стажы бар  жана кызмат өтөгөн жылдары үчүн I, II жана III даражадагы медалдар менен сыйланган кызматкерлер жана аскер кызматчылар;

- жазык-аткаруу тутумунун ардагерлери.

2. Медаль менен сыйлоо бөлүмчөлөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын жана Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаменттин башчысынын буйругу менен жүргүзүлөт.

3. Сыйланган адамга “Ардагер” медалы менен бирге белгиленген формадагы медалдын күбөлүгү тапшырылат.

4. “Ардагер” медалы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып жаткан адамдар өздөрүнө таандык “Ардагер”  медалын жана алардын документтерин алып чыгууга укуктуу.

5. “Ардагер” медалы көкүрөктүн сол жагына тагылат.

6. “Ардагер” медалы менен кайталап сыйлоо жүргүзүлбөйт.

 

 

“Чоро” медалы 

1. “Чоро” медалы менен төмөнкү жетишкендиктери үчүн сыйланат:

- кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ишин чебер уюштургандыгы үчүн;

- кызматтык, ыкчам жана чарбалык иштерде көргөзгөн демилгеси жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн;

2. “Чоро” медалы үч даражага ээ:

- 10 жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн - I даражадагы медалы менен;

- 15 жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн - II даражадагы медалы менен;

- 20 жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн - III даражадагы медалы менен.

Эң жогорку даража I даражадагы медаль болуп  cаналат. Сыйлыктар ырааттуулугуна карата ыйгарылат: III даражасы,  II даражасы жана  I даражасы.

3. “Чоро”  медалы менен төмөнкү учурда сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында жана күч тузүмдөрүндө кызмат өтөгөн, календардык эсептөөдө тийиштүү иштеген жылдары бар кызматкерлер жана аскер кызматчылар;

- аткаруу бийлигинин башка органдарында кынтыксыз кызмат өтөгөн жана жазык-аткаруу тутумуна которулган, аскердик кызмат өтөгөн же укук коргоо кызматы караган аткаруу бийлик органдарында иштеген, календардык эсептөөдө тийиштүү эмгек стажы бар адамдар;

4. Медаль менен сыйлоо бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигие караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын жана Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаменттин башчысынын буйругу менен жүргүзүлөт.

5. Сыйланган адамга “Чоро”  медалы менен бирге белгиленген формадагы медалдын күбөлүгү тапшырылат.

6. “Чоро” медалы төштүн сол жагына тагылат жана “Ардагер”, “Кадыр”, “Устат” медалынан кийин I, II, III даражаларынын улуулук тартибине карап тагылат.

7. “Чоро” медалы менен сыйланган Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып жаткан адамдар өздөрүнө таандык “Чоро” медалын жана алардын документтерин алып кетүүгө укуктуу.

8. “Чоро”  медалы менен кайталап сыйлоо жүргүзүлбөйт.

 

“Кадырман” медалы

1. “Кадырман” медалы менен төмөнкү жетишкендиктери үчүн сыйланат:

- кызматтык ишмердүүлүктө жана аскердик тартипте көрсөткөн жогорку көрсөткүчтөрү үчүн;

- жазык-аткаруу тутумунун органдарын жана мекемелерин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн;

- жазык-аткаруу тутумунун жана укук коргоо органдарынын, куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерин, аскер кызматчыларын окутуу жана тарбиялоо жаатындагы көп жылдык иши жана сиңирген эмгеги үчүн;

- жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоого жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун коомдук турмушуна активдүү катышканы үчүн.

2. “Кадырман”  медалы менен төмөнкү учурда сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөгөн иш стажы бар жана укук коргоо органдарында, куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп, календардык эсептөөдө 15 жана андан ашык жылдык стажы бар кызматкерлер жана аскер кызматчылар;

- жазык-аткаруу тутумунун ардагерлери.

“Жигердүү кызматташтыгы үчүн” медалы  

1. “Жигердүү кызматташтыгы үчүн” медалы менен төмөнкү жетишкендиктери үчүн сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарын жана мекемелерин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумуна жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жардам көрсөтүүдө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн.

2. “Жигердүү кызматташтыгы үчүн” медалы менен төмөнкү учурда сыйланат:

-  Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн кызматкерлери, аскер кызматчылары жана Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар.

 

“Мыкты Айым” медалы

 

1. “Мыкты Айым” медалы менен төмөнкү жетишкендиктери үчүн сыйланат:

- кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн;

- жазык-аткаруу тутумунун өз ишин жакшыртууга умтулган, ошондой эле коллективдин коомдук жана спорттук турмушунда демилгелүү жана активдүү позициясын көрсөткөн аял-кызматкерлердин сиңирген эмгегин таануу жана аларды сыйлоо максатында.

2. “Мыкты Айым” медалы менен төмөнкү учурда сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун катардагы жана жетекчи курамындагы адамдар;

- башка укук коргоо жана аскердик түзүлүштөгү кызматкерлер;

- мурда укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн ардагерлер;

- кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруусу, башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен жемиштүү өз ара аракеттенүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк полиция жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери.

                

“Жоокер” медалы 

1. “Жоокер” медалы менен төмөнкү жетишкендиктери үчүн сыйланат:

- күжүрмөн жана кызматтык иштердеги көргөзгөн демилгеси жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн;

- жүктөлгөн күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткаруудагы артыкчылыгы жана күжүрмөн, кесиптик даярдыктагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн;

- жазык-аткаруу тутуму үчүн кадрларды окутууга жана даярдоого кошкон салымы үчүн.

2. “Жоокер” медалы эки даражага ээ. Эң жогорку даража I даражадагы медаль болуп cаналат. Сыйлыктар ырааттуулугуна карата ыйгарылат: II даражасы жана I даражасы.

3. I даражадагы “Жоокер” медалы менен жазык-аткаруу тутумунда календардык эсептөө менен 5 жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн стажы бар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери жана аскер кызматчылары сыйланат.

4. II даражадагы “Жоокер” медалы менен жазык-аткаруу тутумунда календардык эсептөө менен 1 жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн стажы бар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери жана аскер кызматчылары сыйланат.

 “ЖАТна 20 жыл” мааракелик медалы

1. “ЖАТна 20 жыл” мааракелик медалы менен төмөнкү жетишкендиктери үчүн сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарын жана мекемелерин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн;

- Жазаларды аткаруу кызматына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөктөшкөн жемиштүү ишмердүүлүгү жана сиңирген эмгеги үчүн.

2. “ЖАТна 20 жыл” мааракелик медалы менен төмөнкү учурда сыйланат:

- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн, кызматкерлери, аскер кызматчылары;

- Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар;

- жазык-аткаруу тутумунун ардагерлери.

Пенитенциардык мекемелер

Чүй облусу

Мекемелер

Дереги

Телефон

№1 Түзөтүү мекемеси

Аламүдүн району, Молдовановка айылы, пионер көчөсү 1

 0 (312) 45-21-50

№2 Түзөтүү мекемеси

Бишкек шаары Биринчи Май району, Степное айылы н / ж

 0 (312) 46-20-57

№8 Түзөтүү мекемеси Москва району, Петровка айылы, Ломоносов көчөсү 1  0 (312) 29-72-21
№14 Тарбия абагы Ысык-Ата району, Нижний Нооруз көчөсү, Аскер шаарчасы 3  0 (312) 45-36-24

№16 Түзөтүү мекемеси

Москва району, Беловодск айылы, Курчатов көчөсү 1

 0 (312) 60-77-16

№19 Түзөтүү мекемеси

Сокулук району, Жаңы-Жер айылы, Зеленая көчөсү, 24

 0 (312) 45-33-15

№27 Түзөтүү мекемеси

Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1

 0 (312) 45-15-54

№31 Түзөтүү мекемеси

Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1

 0 (312) 93-76-89

№26 Жатак абагы

Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Дружба көчөсү н / ж

 0 (551) 45-79-05

№21 Тергөө изолятору Бишкек ш., геологиялык 2-тилке

 0 (312) 59-43-39