Дүйнө жүзүндө мамлекеттүүлүк түшүнүгү пайда болгондон тарта башкаруу системасын жакшыртуу үчүн жана коомчулукту бирдей тартипке баш ийдирүү максатында мыйзамдар кабыл алына баштаган. Ар бир мыйзам ченемдерине каршы кылынган ишаракеттер үчүн адамдарга жаза чаралары колдонулуп, алардын катарында биздин ата-бабаларыбыз да кылмыштуулук менен күрөшүн улантып келишкен.
Жазалоо чарасы катары ороого салуу, сабоо, кулдукка айдоо, мал-мүлкүн тартып алуу жана башка бир нече ыкмаларды колдонушкандыгы тарых булактарында белгилүү.
Ошентип кийинчерээк, революцияга чейинки Туркестанда Сырдарыя, Фергана, Самарканд, Жетисуу жана Каспий жээгиндеги өлкөлөрдө 67 эркинен ажыратуу жайлары курулган.
1917-жылдагы Улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин бир топ оор кырдаалга карабастан аймактык жана жергиликтүү Совет бийлиги жазалоонун эски органдарын жоюу жана жаңыларын түзүү боюнча катуу чараларды (реформалоо багытында кайра куруу иштери) колдонгон.
1918-жылдын 28-августунда Туркестан Республикасынын Юстиция комиссариаты жөнүндө убактылуу жобо бекитилип, камак жайларын башкаруу үчүн Юстиция комиссариатына караштуу Түрмөлөр боюнча бөлүм түзүлөт. Азыркы Кыргызстандын аймагындагы тактап айтканда Пишпек, Каракол жана Оштогу
түрмөлөр ошол жылдардагы түрмөлөр бөлүмүнүн карамагында болгон.
1919-1920-жылдары Туркестан аймагында түрмөлөрдү реформалоо (түрмөлүк системадан лагердик - түзөтүү-эмгек системасына өтүү) башталган.
1918-1924-жылдары Туркестан аймагында, өзгөчө Кыргызстанда, камак жайлары «эркиндигинен ажыратылгандар үчүн үйлөр», «камак үй», «камак жайлар», «түзөтүүчү үй», «түзөтүү-эмгек үйү», «түзөтүүчү-иштетүүчү үй» же жөн эле «жумушчу үйү» сыяктуу аталып келген.
1922-жылы бардык түзөтүү-эмгек үйлөрү Ички иштер элдик комиссариатынын (ИИЭК) карамагына өткөрүлүп, Туркестан Республикасынын ИИЭК караштуу камак жайларынын башкармалыгы уюштурулган. Пишпектеги түзөтүү үйүндө айыл чарба колониясы түзүлөт. Ошентип, 1924-жылы Туркестанда туруктуу түзөтүү системасы иштей баштайт.
1924-жылы Кара-Кыргыз автономдук областы түзүлгөндөн кийин эркиндигинен ажыратуучу жайларды жалпы жетектөө, Аткаруу комитетинин административдик бөлүмүнө жүктөлөт. Облус боюнча үч түзөтүү үйү жана бир
камоочу жай болгон. Алгачкы «Кыргыз АССРинин түзөтүү-эмгек жайларынын ички тартибинин эрежелери» 1928-жылы иштелип чыккан.
1931-жылы Камак жайлар бөлүмү Түзөтүү-эмгек мекемелеринин башкармалыгы деп аталып, Кыргыз АССРнин Юстнаркомуна өткөрүлөт.
1935-жылы Ички иштер
элдик комиссариатынын лагерлеринин башкы башкармалыгы (ГУЛАГ) түзүлүп, 1953-жылга чейин бүт түзөтүү жайлары ошол башкармалыктын карамагында болгон.
1960-жылдын 13-майында Түрмөлөр боюнча башкармалык Кыргыз ССРинин Коомдук тартипти сактоо министрлигинин Камакта кармоо башкармалыгы деп аталган.
1969-жылдын 30-майында Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлигинин Түзөтүү-эмгек мекемелеринин башкармалыгы болгон.
1991-жылдын 28-майында Кыргызстан Республикасынын Түзөтүү иштери боюнча башкармалыгы түзүлүп, 1993-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу иштери боюнча башкармалыгы уюштурулган.
1995-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы болуп түзүлөт.
2002-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №391 токтомунун негизинде Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин курамынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөн.
2009-жылдын 26-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №425 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары - ЖАМК) болуп түзүлгөн. ЖАМКнын курамына Жазаларды аткаруу департаменти, Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаменти (мындан ары - ККД) кирген.
2011-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун борбордук органын реформалоо жөнүндө" №611 токтомунун негизинде Жазаларды аткаруу департаментин жоюу менен ЖАМКнын Борбордук аппаратынын бирдиктүү түзүмү түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №242 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы болуп бекитилип өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү аткарууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-февралындагы №38 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы болуп түзүлдү.
Чүй облусу
|
Мекемелер |
Дереги |
Телефон |
|
№1 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, пионер көчөсү 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
№2 Түзөтүү мекемеси |
Бишкек шаары Биринчи Май району, Степное айылы н / ж |
0 (312) 46-20-57 |
| №8 Түзөтүү мекемеси | Москва району, Петровка айылы, Ломоносов көчөсү 1 | 0 (312) 29-72-21 |
| №14 Тарбия абагы | Ысык-Ата району, Нижний Нооруз көчөсү, Аскер шаарчасы 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
№16 Түзөтүү мекемеси |
Москва району, Беловодск айылы, Курчатов көчөсү 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
№19 Түзөтүү мекемеси |
Сокулук району, Жаңы-Жер айылы, Зеленая көчөсү, 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
№27 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
№31 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
№26 Жатак абагы |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Дружба көчөсү н / ж |
0 (551) 45-79-05 |
| №21 Тергөө изолятору | Бишкек ш., геологиялык 2-тилке |
0 (312) 59-43-39 |