ЖАМКнын кызматкерлери жана пенсионерлери үчүн «Госпиталь жана бейтапкана» дарылоо мекемеси 2019-жылдын 15-июлунан тартып иштеп келет.
2018-жылдын май айынан тартып ЖАМКнын кызматкерлери жана ЖАМКна кызматка жаңы кабыл алынган талапкерлер үчүн аскердик-дарыгердик комиссия өз ишин алып барууда. Бул комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 517 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык иш жүргүзөт.
Кызматкерлердин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана пенсионерлердин ден соолугун жакшыртуу максатында көп тармактуу квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлөт. Диагностикалык-амбулатордук жана медициналык көрсөткүчтөр боюнча стационардык дарылоо жүргүзүлөт.
Ооруларды эрте аныктоо жана алдын алуу максатында, ошондой эле 2023-жылдын 16-февралындагы «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 17-беренелеринин негизинде, Чүй облусу жана башка региондор боюнча жыл сайын профилактикалык жана медициналык кароолор өткөрүлөт.
Аныкталган оорулар боюнча Госпиталь жана бейтапкананын дарыгерлери тарабынан диспансердик көзөмөл жүргүзүлөт.
Пенсионерлер үчүн да жыл сайын профилактикалык медициналык кароолор уюштурулуп, зарыл болгон учурда дарыгерлер алардын үйлөрүнө барып текшерүү жүргүзүшөт.
Чүй облусу
|
Мекемелер |
Дереги |
Телефон |
|
№1 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, пионер көчөсү 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
№2 Түзөтүү мекемеси |
Бишкек шаары Биринчи Май району, Степное айылы н / ж |
0 (312) 46-20-57 |
| №8 Түзөтүү мекемеси | Москва району, Петровка айылы, Ломоносов көчөсү 1 | 0 (312) 29-72-21 |
| №14 Тарбия абагы | Ысык-Ата району, Нижний Нооруз көчөсү, Аскер шаарчасы 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
№16 Түзөтүү мекемеси |
Москва району, Беловодск айылы, Курчатов көчөсү 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
№19 Түзөтүү мекемеси |
Сокулук району, Жаңы-Жер айылы, Зеленая көчөсү, 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
№27 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
№31 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
№26 Жатак абагы |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Дружба көчөсү н / ж |
0 (551) 45-79-05 |
| №21 Тергөө изолятору | Бишкек ш., геологиялык 2-тилке |
0 (312) 59-43-39 |