Чет өлкөлүк пенитенциардык кызматтары менен эл аралык кызматташтыкты жана эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Эл аралык кызматташтык бөлүмү камсыз кылат.
Эл аралык кызматташтык бөлүмү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабиниетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабиниетинин 2021-жылдын 21-июнундагы 33-токтому менен бекитилген ЖАМК жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
Негизги милдеттери:
1) Жазык-аткаруу тутумунун маселелери боюнча эл аралык, өкмөттүк эмес, коомдук жана диний уюмдар, ошондой эле башка мамлекеттердин пенитенциардык органдары жана мекемелери менен кызматташууну уюштуруу;
2) эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башка түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;
3) ЖАМКнын чакыруусу боюнча чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына келүүсүн жана ЖАТтын расмий делегацияларынын чет өлкөлөргө баруусун уюштуруу;
4) ЖАТтын ишине тиешелүү эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
5) ЖАТ менен биргеликте кызматашуу жүргүзгөн эл аралык, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын мекемелердеги ишин координациялоо;
6) Чет өлкөлөрдүн пенитенциардык кызматтарынын жакшы иш тажрыйбасын, жетишкендиктерин үйрөнүүнү жана аларды ЖАТтын практикасына киргизүү жөнүндө сунуштарды уюштуруу,.
7) ЖАТтын маселелери боюнча эл аралык кызматташуунун комплекстүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
8) ЖАТтын эл аралык уюмдар, башка мамлекеттердин ЖАТтын органдары жана мекемелери менен кызматташуусуна талдоо жүргүзүү;
9) Кызматкерлердин жаза аткаруу жаатындагы эл аралык деңгээлдеги семинарларга, кеңешмелерге, симпозиумдарга жана конференцияларга катышуусун уюштуруу, натыйжада алынган пайдалуу маалыматтарды баалоо.
Чүй облусу
|
Мекемелер |
Дереги |
Телефон |
|
№1 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, пионер көчөсү 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
№2 Түзөтүү мекемеси |
Бишкек шаары Биринчи Май району, Степное айылы н / ж |
0 (312) 46-20-57 |
| №8 Түзөтүү мекемеси | Москва району, Петровка айылы, Ломоносов көчөсү 1 | 0 (312) 29-72-21 |
| №14 Тарбия абагы | Ысык-Ата району, Нижний Нооруз көчөсү, Аскер шаарчасы 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
№16 Түзөтүү мекемеси |
Москва району, Беловодск айылы, Курчатов көчөсү 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
№19 Түзөтүү мекемеси |
Сокулук району, Жаңы-Жер айылы, Зеленая көчөсү, 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
№27 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
№31 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
№26 Жатак абагы |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Дружба көчөсү н / ж |
0 (551) 45-79-05 |
| №21 Тергөө изолятору | Бишкек ш., геологиялык 2-тилке |
0 (312) 59-43-39 |