Буйрук
Символиканын сүрөттөмөсү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой депортаменти, ЖАМКнын ведомстволук түзүмү болуп саналат жана ЖАМКнын түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо иш-чараларын жүзөгө ашырат.
Негизги милдеттери
- Кызматтын түзөтүү мекемелерин, борбордук аппаратын жана бейтапканасын кайтаруу;
- компетенциясынын чегинде соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерди аткарууда экстрадициялоо;
- коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына көмөктөшүү;
- соттолгондорду дарылануу мезгилинде саламаттык сактоо мекемелеринде, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына карабастан, конвой менен коштоо жана кайтаруу.
- Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- жүктөлгөн милдеттерди аткаруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча өздүк курамды күжүрмөн даярдыкта кармоо;
- түзөтүү мекемелерин жана режимдик объекттерди кайтарууну камсыздоо;
- соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды Бишкек шаарында жайгашкан түзөтүү мекемелерине, тергөө изоляторлоруна жана сотторго, алардын көчмө сессиялары болгон жерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерди аткарууда аларды экстрадициялоо учурунда конвой менен коштоо;
Чүй облусу
|
Мекемелер |
Дереги |
Телефон |
|
№1 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, пионер көчөсү 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
№2 Түзөтүү мекемеси |
Бишкек шаары Биринчи Май району, Степное айылы н / ж |
0 (312) 46-20-57 |
| №8 Түзөтүү мекемеси | Москва району, Петровка айылы, Ломоносов көчөсү 1 | 0 (312) 29-72-21 |
| №14 Тарбия абагы | Ысык-Ата району, Нижний Нооруз көчөсү, Аскер шаарчасы 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
№16 Түзөтүү мекемеси |
Москва району, Беловодск айылы, Курчатов көчөсү 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
№19 Түзөтүү мекемеси |
Сокулук району, Жаңы-Жер айылы, Зеленая көчөсү, 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
№27 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
№31 Түзөтүү мекемеси |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Молодежная көч. 2а / 1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
№26 Жатак абагы |
Аламүдүн району, Молдовановка айылы, Дружба көчөсү н / ж |
0 (551) 45-79-05 |
| №21 Тергөө изолятору | Бишкек ш., геологиялык 2-тилке |
0 (312) 59-43-39 |