ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен кызматташуунун алкагында, 2026-жылдын 26-мартынан 19-августуна чейинки мезгилде «Кыйноолордун алдын алуу жана суициддин алдын алуу» темасында эки күндүк окуу тренингдери өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кайтаруу жана конвой департаментинин 199 кызматкери катышты. Тренингдер ЖАМКнын бардык мекемелерин камтуу менен өткөрүлүп, бул жазык аткаруу тутумунда кыйноолорду жана суицидди алдын алуу маселелерине бирдиктүү мамилени камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
Тренингдер кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, кыйноолорду, ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени алдын алуу боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалып турган адамдар арасында суициддик жүрүм-турумду өз убагында аныктоо жана алдын алуу максатында уюштурулга
Тренингдин программасы теориялык сабактарды да, практикалык иштерди да камтыды. Катышуучулар кыйноолорду алдын алуу чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар жана улуттук мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын эл аралык-укуктук милдеттенмелери, алардын аткарылышын көзөмөлдөө механизмдери, ошондой эле эл аралык органдардын сунуштары жана аларды ишке ашыруу ыкмалары менен таанышышты.
Өткөрүлгөн тренингдер ЖАМКнын кызматкерлеринин, Кайтаруу жана конвой департаментинин аскер кызматчыларынын кыйноолорду алдын алуу жана суициддин алдын алуу чөйрөсүндөгү билим деңгээлин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга, тобокелдиктерди баалоо жана кризистик кырдаалдарга чара көрүү боюнча бирдиктүү мамилелерди калыптандырууга, ошондой эле Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин ишинде колдонулуучу эл аралык жана улуттук стандарттарды түшүнүүнү бекемдөөгө шарт түздү.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||