«Менин урааным — Манас»: эки айлык программанын жыйынтыгы чыгарылып, сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Көөнөрбөс мурас, өчпөс дем» аталышындагы эки айлык масштабдуу руханий-адеп-ахлактык иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылып, «Урааным Манас» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага ЖАМКнын төрагасы Чынгыз Кожошев, Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчиси Нурлан Талантбеков, белгилүү манасчылар, коомдук ишмерлер, ошондой эле ЖАМКнын борбордук аппаратынын жана түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери  катышты.

Эки айлык программа Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу, «Манас» эпосун даңазалоо жана улуттук руханий баалуулуктарды жаза аткаруу тутумунда кеңири жайылтуу максатында уюштурулду.

Программанын алкагында Кыргыз улуттук «Манас» театрынын чыгармачыл жамааты түзөтүү мекемелеринде мастер-класстарды өткөрүп, соттолгондор жана кызматкерлер үчүн «Манас» эпосунун руханий мааниси тууралуу жолугушуулар уюштурулду. Ошондой эле ЖАМКнын Тарбия, социалдык жана психологиялык иш башкармалыгы тарабынан бардык мекемелерге усулдук жана практикалык жардам көрсөтүлдү.

Эки айлык иш-чаранын эң негизги бөлүгү болгон «Урааным Манас» кароо-сынагында өлкөнүн түзөтүү мекемелериндеги соттолгондор топ болуп Манастын ураанын чакырып, улуттук духту жана биримдикти даңазалаган өнөрлөрүн тартуулашты.

Сынактын жеңүүчүлөрү белгилүү манасчылардан жана коомдук ишмерлерден турган калыстар тобунун чечими менен аныкталды. Калыстар тобун экс-вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жетектеп, анын курамында Кыргыз Республикасынын эл артисти, манасчы Рысбай Исаков, манасчы Дөөлөт Сыдыков, «Саякбай манасчы» эл аралык фондунун негиздөөчүсү Нурлан Чолоев, манасчы Төлөбек Муса уулу жана башка кадыр-барктуу инсандар болду.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү:

•        I даражадагы байге — №8 түзөтүү мекемеси;

•        II даражадагы байгелер — №27, №16 жана №10 мекемелери;

•        III даражадагы байгелер — №2, №31, №14 жана №19 мекемелери.

Жеңүүчү деп табылган мекемелерге атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул каражаттар түзөтүү мекемелериндеги соттолгондордун зарыл болгон керектөөлөрүнө жумшалат.

Сыйлоо аземинде сөз сүйлөгөн ЖАМКнын төрагасы Чынгыз Кожошев мындай демилге соттолгондордун руханий дүйнөсүн байытып, мекенчилдик сезимин жана улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ал эки айлык программанын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон «Манас» театрынын чыгармачыл жамаатына жана кароо-сынакка активдүү катышкан бардык мекемелерге ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчиси Нурдан Талантбеков мындай руханий долбоорлор келечекте дагы улантылып, жаза аткаруу тутумунда улуттук маданий мурастарды жайылтууга багытталган кызматташтык мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.

«Көөнөрбөс мурас, өчпөс дем» программасы Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексинин талаптарын, «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзамды жана өлкөнүн руханий-адеп-ахлактык өнүгүү концепциясын ишке ашырууга багытталган. Анын негизги максаты — соттолгондордун аң-сезиминде кылмыштуулукка каршы туруктуу иммунитетти калыптандыруу, мекенчилдик сезимин күчөтүү, улуттук баалуулуктарды сиңирүү жана аларды коомго ийгиликтүү ресоциализациялоого көмөктөшүү болуп саналат.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39