ЖАМКнын №16 мекемесинде соттолгондордун мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу жана аларды эркиндикке чыккандан кийин коомго реинтеграциялоого көмөктөшүү максатында документтештирүү иштери жүргүзүлүүдө.
2026-жылдын башынан бери өздүгүн ырастоочу документи жок же мөөнөтү өтүп кеткен 237 соттолгон жаран паспорт алууга муктаж катары катталган. Алардын ичинен 129 жаранга керектүү материалдар толук даярдалган.
Бүгүнкү күндө 89 соттолгон жаран Кыргыз Республикасынын жаңы үлгүдөгү паспортун алды. Калган жарандарды документтештирүү иштери улантылууда.
Мындан тышкары, паспорт алуу үчүн мамлекеттик алымдарды төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок 12 соттолгон жаранга 24 816 сом өлчөмүндө коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан финансылык жардам көрсөтүлдү.
Соттолгондорду паспорт менен өз убагында камсыздоо алардын социалдык жардам алуусуна, жумушка орношуусуна жана коомго толук кандуу кайтып келүүсүнө шарт түзөт.
ЖАМКнын №16 мекемеси бул багыттагы иштерди өнөктөш уюмдар менен биргеликте улантат.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||