ЖАМКнын Кинологиялык борбору ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте 2026-жылга бекитилген иш планынын алкагында кинолог-кызматкерлерди жана кызматтык иттерди даярдоо боюнча үч айлык окуу курсун өткөрүүдө.
Окуунун негизги максаты — кинологдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кызматтык иттердин баңги каражаттарын, алардын аналогдорун жана жыттык имитаторлорун аныктоо боюнча даярдыгын өркүндөтүү.
Курстун алкагында Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кызмат өтөгөн кинолог-кызматкерлери теориялык даярдыктан өтүп, экзаменди ийгиликтүү тапшырышты. Учурда окуу процессинин практикалык этабы уланууда.
Практикалык сабактарда кинологдордун кызматтык иттер менен иштөө көндүмдөрүнө жана баңги каражаттарын, алардын аналогдорун жана имитаторлорун жыт аркылуу аныктоо боюнча атайын көнүгүүлөрдү аткарууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Биргелешкен окуу кинологиялык бөлүмдөрдүн ортосунда тажрыйба алмашууга, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана кызматтык иттердин даярдыгын күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
Мындай иш-чаралар ЖАМКнын кинологиялык бөлүмдөрүнүн кесиптик потенциалын чыңдоого жана баңги каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||