Бүгүн, 11-сентябрында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 мекемесинин тарбиялануучулары менен «Абдыш-Ата» футбол клубунун футболчуларынын ортосунда жолдоштук беттеш өттү.
Оюн «Абдыш-Ата» футбол клубунун өзүнүн футбол аянтчасында өтүп, тарбиялануучулар 3:2 эсебинде жеңишке жетишти!
Бул беттеш 7-августунда №14 мекемесинде өткөн мотивациялык оюндун уландысы болду. Анда «Абдыш-Атанын» футболчулары менен болгон жолугушуу жаштарга чоң дем берип, бүгүнкү беттешке жол ачкан.
Мындай иш-чаралар спорттук чеберчиликти гана эмес, тарбиялануучулардын өзүнө болгон ишенимин, жоопкерчилигин жана коомго аралашууга болгон умтулуусун арттырат.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-февралындагы №61 Жарлыгы менен бекитилген 2026–2034-жылдарга «Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасынын» максаттарына ылайык өткөрүлдү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган тарбиялануучулар кызматкерлердин коштоосунда белгиленген убакыт чегинде мекеменин аймагынан тышкары маданий жана спорттук иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||