ЖАМКда Аялдар кеңешинин жыйынында актуалдуу маселелер талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында Аялдар кеңешинин төрайымы, ички кызматтын полковниги Айгүл Каткельдиеванын төрагалыгы алдында кеңештин жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага ЖАМКнын Борбордук аппаратынын жана мекемелеринин кызматкер аялдары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө аялдардын жазаларды аткаруу системасындагы ролун жогорулатууга, кесиптик өнүгүүсүнө жана кызматтык ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.

Жыйында аялдардын лидерлиги, кесиптик өсүүсү, психологиялык туруктуулук, командада иштөө жана насаатчылык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле чыр-чатактуу кырдаалдарды конструктивдүү чечүү, натыйжалуу баарлашуу жана ар кандай манипуляцияларга каршы туруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы маалыматтык саясат, кызматтык этиканын талаптарын сактоо жана кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери өзүнчө каралды. Аялдардын кесиптик жана этикалык кызматтык чөйрөнү калыптандыруудагы ролу, ошондой эле жазаларды аткаруу системасынын алдында турган милдеттерди аткарууга кошкон салымы тууралуу пикирлер айтылды.

Жыйындын соңунда Аялдар кеңешинин ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүү, аял кызматкерлердин кесиптик демилгелерин колдоо жана жамааттагы командалык духту бекемдөө боюнча сунуштар айтылып, пикир алмашуу болду.

 

 

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39