Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын делегациясы төрага Чыңгыз Кожошевдин жетекчилиги астында Казань шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин пенитенциардык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин XI отурумуна катышты.
Кеңештин ишине Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын пенитенциардык кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин жана КМШнын Терроризмге каршы борборунун өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун негизги максаты пенитенциардык тутумдарды реформалоо жана алардын ишмердигине заманбап ыкмаларды киргизүү боюнча практикалык тажрыйба алмашуу болду. Кыргыз тарап мекемелердеги коопсуздукту чыңдоого, кармоонун шарттарын жакшыртууга, тарбиялык жана билим берүү иштерин, соттолгондорду эмгек менен камсыз кылууну өнүктүрүүгө жана аларды коомго кайтып келүүгө даярдоого багытталган реформалардын натыйжалары менен бөлүштү. Кыргызстандын пенитенциардык системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары ЖАМКнын төрагасынын отурумдагы сөзүндө чагылдырылды.
Бул отурумдун маанилүү учурларынын бири болуп «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин пенитенциардык кызматтары үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө макулдашууну» ишке ашыруунун башталышы болду. Россиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматы КМШ мамлекеттеринин пенитенциардык кызматтарынын кызматкерлерин Россиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын билим берүү уюмдарында 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып окутууга кабыл алууга даяр экендигин билдирди. Бул кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзмөкчү.
Отурумдун жыйынтыктары Кеңештин тармактык кызматташуу аянтчасы катары актуалдуулугун дагы бир жолу тастыктады. ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев белгилегендей, Кеңештин алкагындагы кесиптик өз ара аракеттенүү теориялык моделдерди гана эмес, аларды иш жүзүндө колдонуунун реалдуу пайдасын изилдөөгө, алардын натыйжалуулугун баалоого жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен улуттук жазаларды аткаруу тутумунун ишинин практикасында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого шарт түзөт.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||