2026-жылдын 22-сентябрында Жазык-аткаруу тутумун көзөмөлдөө боюнча прокуратурасы тарабынан Чүй областынын Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинин кызматкерлери үчүн укуктук сабаттуулукту жогорулатууга жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алууга багытталган семинар өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №29 токтому менен бекитилген 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясат боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Семинардын негизги максаты кызматкерлердин укуктук билим деңгээлин жогорулатуу, коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө карата келишпестик мамилени калыптандыруу жана кызматтык ишмердүүлүктө коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги талаптары, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдуулукту сактоо маселелери, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн каралган жоопкерчилик чаралары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Өзгөчө көңүл коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуунун практикалык аспектилерине, кызматтык тартипти сактоого жана мамлекеттик кызматчылардын этикалык жүрүм-турум нормаларын бекемдөөгө бурулду. Ачык диалог форматында өткөн жолугушууда кызматкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, практикалык мисалдардын негизинде тажрыйба алмашышты.
Мындай профилактикалык иш-чараларды өткөрүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулук, мыйзамдуулук жана жоопкерчилик принциптерин бекемдөөгө, ошондой эле мамлекеттик антикоррупциялык саясаттын натыйжалуу ишке ашырылышына өбөлгө түзөт.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||