ЖАМКда «Тил — улуттун күзгүсү» чыгармачылык-интеллектуалдык марафону өттү

2026-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата ЖАМКнын №16 түзөтүү мекемесинде Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин соттолгондору арасында «Тил — улуттун күзгүсү» аталышындагы чыгармачылык-интеллектуалдык марафон өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу, кыргыз тилине болгон кызыгууну арттыруу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана соттолгондордун чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Марафонго ЖАМКнын №8, №16, №19, №21, №27 жана №31 мекемелеринен түзүлгөн командалар катышып, үч багыт боюнча күч сынашты.

Алардын катарында «Эне тилим — жан дилим» аттуу чыгармачылык тааныштыруу, «Көркөм окуу сынагы» жана макал-лакаптарды улантуу, алардын маанисин чечмелөө, жаңылмачтарды так айтуу боюнча «Улуттук мурас — улуу казына» интерактивдүү таймашы өттү.

Иш-чаранын ачылышында ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев, ЖАМКнын Тарбиялык, социалдык жана психологиялык иш башкармалыгынын башчысы Эльбурс Токтоманбетов жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Кутмырза Жакыбалиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Марафондун жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

🥇 1-орун — ЖАМКнын №31 мекемеси

🥈 2-орун — ЖАМКнын №16 мекемеси

🥉 3-орун — ЖАМКнын №8 мекемеси

Ошондой эле чыгармачылык жана интеллектуалдык таймашта өзгөчөлөнгөн катышуучулар атайын номинациялар менен сыйланышты.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилди урматтоого, улуттук баалуулуктарды сактоого жана соттолгондордун коомго пайдалуу, чыгармачыл инсан катары калыптанышына багытталган.

 

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39