ЖАМКнын Борбордук аппаратынын кызматкерлеринин арасында коррупцияга каршы багыттагы эссе сынагы өткөрүлдү.
Иш-чара ЖАМКнын Ички иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу башкармалыгынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Н. Романовдун катышуусунда өткөрүлдү.
Сынактын негизги максаты — кызматкерлер арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу, коррупциялык көрүнүштөргө карата жеке жоопкерчиликтүү позицияны бекемдөө, ошондой эле өз алдынча жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү.
Аталган иш-чара ЖАМКнын 2026-жылдын 23-мартындагы №217 буйругу менен бекитилген «2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын» талаптарын аткаруунун алкагында өткөрүлдү.
Сынакка ЖАМКнын Борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн 16 кызматкер катышты. Катышуучулар өз эмгектеринде коррупциянын алдын алуу жана ага жол бербөө, кызматтык этиканы сактоо, коррупцияга каршы жеке жоопкерчилик, мамлекеттик кызматтагы ачык-айкындуулук жана ак ниеттүүлүк маселелери боюнча өз көз караштарын жана сунуштарын билдиришти.
Сынакты баалоодо катышуучулардын теманы ачып берүүсүнө, өз алдынча ой жүгүртүүсүнө, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана аларды азайтуу боюнча практикалык сунуштарды бере билүүсүнө, ошондой эле өз позициясын жүйөлүү негиздей алуусуна өзгөчө көңүл бурулду.
Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
I орун — ЖАМКнын Башкы штабынын и/к улук лейтенанты Н. Жолчубаев;
II орун — ЖАМКнын Катчылыгынын и/к капитаны А. Нурадинова;
III орун — ЖАМКнын Ыкчам-режимдик башкы башкармалыгынын и/к подполковниги Н. Садыков.
I жана II орундардын ээлерине диплом жана энчилүү сааттар, III орунду ээлеген жеңүүчүгө диплом жана баалуу белек тапшырылды.
Мындай иш-чаралар кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатууга, коррупциялык көрүнүштөргө карата сабырсыз мамилени калыптандырууга, ошондой эле мамлекеттик кызматта мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, жоопкерчилик жана ак ниеттүүлүк принциптерин бекемдөөгө багытталган.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||