ЖАМКнын №2 мекемесинде «Антикоррупциялык саясат» темасында тегерек стол өткөрүлдү

2026-жылдын 24-сентябрда ЖАМКнын №2 мекемесинде «Антикоррупциялык саясат» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага мекеменин жетекчилиги, өздүк курамы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын өкүлдөрү Т. Каныметова, Н. Кожошев жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын кадр иштери боюнча орун басары милициянын полковниги Р. Махмутов катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө коррупциянын алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана аларга бөгөт коюу, ошондой эле кызматтык ишмердүүлүктө мыйзам талаптарын жана этикалык ченемдерди сактоо маселелери талкууланды.

Катышуучулар өздөрүнүн иш багыттары боюнча коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, тажрыйба алмашышты.

Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча практикалык чаралар жана кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук маданиятын жогорулатуу маселелери боюнча пикир алышуу жүргүзүлдү.

Өз кезегинде Т. Каныметова Жазык-аткаруу тутумунда кездешүүсү мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди конкреттүү мисалдар аркылуу түшүндүрүп, алардын алдын алуу жана бөгөт коюу жолдоруна токтолду. Мындан тышкары, коррупцияга каршы аракеттенүүдө ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү экенин белгилеп, коррупцияга каршы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.

Тегерек стол кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктер тууралуу маалымдуулугун кеңейтүүгө жана коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга багытталды.

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39