ЖАМКда өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган практикалык тренинг өттү

2026-жылдын 19–20-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жана «Келечек» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери үчүн «Өндүрүштүк ишти уюштуруу» аталышындагы эки күндүк практикалык тренинг өткөрүлдү. 

Окутуу иш-чарасы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен кызматташуунун алкагында уюштурулуп, өндүрүштүк ишмердүүлүктү натыйжалуу уюштуруу, кызматкерлердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатын көздөдү. 

Тренингдин жүрүшүндө өндүрүштүк кубаттуулуктарды талдоо, жумуш процесстерин туура пландаштыруу, продукциянын өздүк наркын эсептөө жана сапатын көзөмөлдөө боюнча практикалык маселелер каралды. Ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгаруу жана аны кеңири рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. 

Иш-чаранын маанилүү багыттарынын бири — жаза аткаруу мекемелериндеги өндүрүштү өнүктүрүү аркылуу соттолгондорду эмгекке тартуу, алардын кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу жана эмгекке болгон кызыгуусун арттыруу маселелери болду.

Белгилей кетсек, өндүрүштүк ишмердүүлүктү кеңейтүү ЖАМКнын ишиндеги маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Бул багыттагы иштер соттолгондордун эмгек менен камсыз болушуна, пайдалуу кесиптик көндүмдөргө ээ болушуна жана коомго ийгиликтүү кайра аралашуусуна шарт түзөт. 

ЖАМК мындан ары да эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну улантып, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана кызматкерлердин кесиптик дараметин жогорулатууга багытталган иштерди жүргүзөт.

 

 

 

 



 

Пенитенциарные учреждения

Чуйская область 

Учреждения

Адрес 

Телефон

Исправительное

учреждение №1 

Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1

 0 (312) 45-21-50

Исправительное

учреждение №2

г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул

 0 (312) 46-20-57

Исправительное

учреждение №8

Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1  0 (312) 29-72-21

Воспитательная

колония №14

Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3  0 (312) 45-36-24

Исправительное

учреждение №16

Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1

 0 (312) 60-77-16

Исправительное

учреждение №19

Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24

 0 (312) 45-33-15

Исправительное

учреждение №27

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 45-15-54

Исправительное

учреждение №31

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1

 0 (312) 93-76-89

Колония-поселения №26

Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н

 0 (551) 45-79-05

Следственный

изолятор №21

 г. Бишкек, переулок Геологический 2

 0 (312) 59-43-39