Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) № 1 жана № 27 мекемелеринде өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана соттолгондорду коомдук пайдалуу эмгекке тартуу багытындагы иштер улантылууда.
Алсак, № 27 мекемеде жаңы өндүрүш объектилери ишке киргизилди, алардын катарында тигүү, ширетүү жана эмерек жасоочу цехтер, ошондой эле стационардык бетон түйүнү бар. Өндүрүштүк аянтчалар жеке ишкерлердин колдоосу менен ЖАМКга караштуу «Келечек» мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдердин негизинде уюштурулган.
Жаңы тигүү цехинин ачылыш аземине ЖАМКнын төрагасы Чынгыз Кожошев катышып, өндүрүштүн ишке кириши менен эмгек жамаатын куттуктады. Ал өндүрүштүк ишмердүүлүктү өнүктүрүү соттолгондордун эмгекке болгон кызыгуусун арттырууга, кесиптик көндүмдөргө ээ болушуна жана алардын коомго ийгиликтүү кайра аралашуусуна шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле жумуш орундарын түзүүгө жана соттолгондорду эмгекке тартууга колдоо көрсөткөн ишкерлерге ыраазычылык билдирди.
Атап айтканда, жаңы тигүү цехинде 180ге жакын соттолгон адамды, ширетүү цехинде 40ка жакын, эмерек өндүрүшүндө 20га жакын, ал эми бетон түйүнүндө 15 адамды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда. Эмерек цехинде заманбап корпустук эмеректерди чыгаруу иши жолго коюлган.
Учурда № 27 мекемеде наабайкана, үч ширетүү цехи, үч тигүү цехи, эмерек цехи жана бетон заводу да иштеп жатат. Жалпысынан мекемеде 500гө жакын соттолгон адам өндүрүштүк ишмердүүлүккө тартылган.
Муну менен катар № 1 мекемеде да жаңы өндүрүш ишканасы ишке киргизилди. Бул жерде «Макс Свето Техника» бренди алдында көчөдө колдонулуучу электр жабдууларын — электр прожекторлорун чыгаруу боюнча цех ачылды. Учурда 25 соттолгон адам окутуудан өтүп, өндүрүш процессин пилоттук режимде өздөштүрүүдө. Цех толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыккандан кийин 50гө чейин соттолгон адамды жумуш орундары менен камсыз кылуу пландалууда.
Өндүрүштүк ишмердүүлүктү уюштурууда соттолгондордун эмгегине материалдык кызыкчылыгын арттыруу өзгөчө мааниге ээ. Алар аткарган жумушу үчүн белгиленген тартипте эмгек акы алышат. Тапкан каражаттары алардын үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүүгө, жакындарынын керектөөлөрүн камсыздоого, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте доо арыздар боюнча карыздарын төлөөгө жана келтирилген зыяндын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк берет.
ЖАМКнын мекемелеринде өндүрүштүк аянтчаларды кеңейтүү соттолгондордун эмгек менен камсыз болушун өнүктүрүүгө багытталган системалуу иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Бул багытта жумуш орундарын түзүү менен катар суроо-талапка ээ болгон кесиптерге окутууга, практикалык тажрыйба топтоого жана туруктуу эмгек көндүмдөрүн калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Соттолгондорду өндүрүштүк ишмердүүлүккө тартуу алардын кесип өздөштүрүүсүнө, эмгек жамаатында иштөө тажрыйбасын топтоосуна, жоопкерчилигин жогорулатууга жана жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин өз алдынча жашоого даярдануусуна өбөлгө түзөт. Ал эми алган билими жана кесиптик көндүмдөрү келечекте жумушка орношууга, материалдык жактан өз алдынча болууга жана коомго ийгиликтүү кайра аралашууга негиз боло алат.
Чуйская область
|
Учреждения |
Адрес |
Телефон |
|
Исправительное учреждение №1 |
Аламудунский район, с. Молдовановка ул. Пионерская 1 |
0 (312) 45-21-50 |
|
Исправительное учреждение №2 |
г.Бишкек, Первомайский район, с. Степное б/з ул |
0 (312) 46-20-57 |
|
Исправительное учреждение №8 |
Московский район, с. Петровка, ул. Ломоносова 1 | 0 (312) 29-72-21 |
|
Воспитательная колония №14 |
Ысык-Атинский район, ул. Нижний-Нооруз, Военный городок 3 | 0 (312) 45-36-24 |
|
Исправительное учреждение №16 |
Московский район, с. Беловодское, ул. Курчатова 1 |
0 (312) 60-77-16 |
|
Исправительное учреждение №19 |
Сокулукский район, с. Жаны-Жер, ул. Зеленая 24 |
0 (312) 45-33-15 |
|
Исправительное учреждение №27 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 45-15-54 |
|
Исправительное учреждение №31 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Молодежная 2А/1 |
0 (312) 93-76-89 |
|
Колония-поселения №26 |
Аламудунский район, с. Молдовановка, ул. Дружба б/н |
0 (551) 45-79-05 |
|
Следственный изолятор №21 |
г. Бишкек, переулок Геологический 2 |
0 (312) 59-43-39 |
|
|
||